Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

АКШ түштүк чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоону күчөттү


Алехандро Майоркас.
Алехандро Майоркас.

АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас Мексика менен АКШнын чек арасында мигранттар менен күч органдары кагылышканын кабарлады. Чек арадагы чыңалуу коронавирус пандемиясы маалында киргизилген чаралар алынгандан кийин күчөгөн.

Майоркас чек арадан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылуунун кесепети оор болорун эскертти. "Биздин чек ара ачык эмес" деп эскертти министр бейшембидеи Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүп келген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү 30 күн ичинде депортацияланышы ыктымал экенин айтты.

Voice of America ушул аптада президент Жо Байдендин администрациясы башпаанек сурагандар үчүн жаңы жобо киргизгенин кабарлады. Ага ылайык, мындан ары Мексика менен АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келген мигранттардын көбүнө башкалка берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

Өтүп бараткан аптада чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны күнүнө 10 миңден ашкан. Reuters агенттиги Бажы жана чек ара кызматтарынын жайларда камалган мигранттардын саны 28 миңге чейин жеткенин жазды.

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Мексикадан ары АКШга өткөн кооптуу жолду тандагандардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттык" буга чейин жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG