Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

ИИМ: эки айда мас абалында машина айдагандар дээрлик 50% азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы соңку эки айда өлкөдө мас айдоочулардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 49,7,% азайганын кабарлады.

Ага ылайык, 8-марттан тартып 728 адам машинасын мас абалында айдаганы аныкталган. Былтыр ушул маалда 1448 айдоочу болгон.

Быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса, үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Автоунаанын номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор, милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар, жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык автоунааларга жол бербегендер, каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар, жол эрежесин бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер, машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендерге ушундай чара колдонулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG