Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Украинага контрчабуул үчүн өнөктөштөрү 575 танк, 28 учак берди


Танктардын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда 325ин Варшава жөнөткөн.
Танктардын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда 325ин Варшава жөнөткөн.

Европа Биримдигиндеги Польшанын өкүлчүлүгү Украинага контрчабуул үчүн өнөктөштөрү 575 танк, 28 учак бергенин билдирди. Анда танктардын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда 325ин Варшава жөнөткөнү жазылган. Андан сырткары Нидерланд 85, Германия 80, ал эми АКШ 76 танк берген.

Киев кыргын салуучу Миг-29 үлгүсүндөгү 14 учакты дагы Польшадан алган.

Мунун алдында Британия Украинага узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллес 11-майда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, ракеталардын санын тактаган эмес.

"Storm Shadow ракеталары Киевге Украинанын суверендүү аймагына кирип алган орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга жардам берет", - деген Уоллес.

Аталган ракеталар 250 чакырымга чейин уча алат. Салыштыруу иретинде караганда, АКШ Украинага жөнөткөн HIMARS ракеталарынын учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзөт.

Британ маалымат каражаттары жазгандай, Киев бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку урууда колдонбоого убада берген.

Москва Лондондун бул кадамына "тиешелүү жооп кайтарарын" эскертти, ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия бул маалыматты "оор кабыл алганын" журналисттерге 11-майда айтты.

Бул жаңылык Украинанын Бахмут шаарында орус күчтөрү эки чакырымга артка чегингени кабарланган маалда чыкты. Москва тескерисинче орус армиясы алдыга баратканын билдирүүдө.

Бахмутта бир нече айдан бери салгылашуулар уланып келет. Ушул тапта калаанын 75% орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG