Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

АКШ Түштүк Африка республикасын Орусияга курал жөнөтүүгө айыптады


Түштүк Африка республикасы, архивдик сүрөт.
Түштүк Африка республикасы, архивдик сүрөт.

АКШнын Түштүк Африка республикасындагы (ТАР) элчиси Рубен Бриджети бул өлкөнү нейтралдуу позицияны карманганына карабай Орусияга курал-жарак жөнөткөнүн айыптады.

Ал жергиликтүү басылмаларга курган маегинде, былтыр декабрда Кейптаундун жанындагы базадан орусиялык кемеге курал-жарак, ок-дары жүктөлгөнүнө ишенерин айтты.

Өлкөнүн президенти Сирил Рамафоса комментарий берип жатып, өкмөт бул маалыматты териштирерин билдирди.

Рубен Бриджети Преторияда басма сөз жыйынында ТАРдын Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына байланыштуу позициясы Вашингтондун камтамачылыгын жаратарын билдирди. Америкалык дипломат Lady R жүк ташыган кеме Саймонстаундагы аскер-деңиз базасында былтыр 6-декабрдан 8-декабрга чейин турганына, анда Орусияга кайтканда кемеге курал-жарак жүктөлгөнүнө көзү жетерин айтты.

Кошмо Штаттары бир канча айдан бери ТАР бийлигин Орусия менен "ыңгайлуу" мамилесин сактап алганын сынга алып келген. Вашингтон анда аталган өлкө Украинага каршы согуштун бир жылдыгында Москва менен Бээжиндин аскердик машыгууларына катышканына байланыштуу тынчсыздануу билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Москванын Киевге каршы согушун айыптаган резолюцияга добуш берүүдө Претория добуш берүүдөн карманган. Андан сырткары өлкө АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн Москвага каршы санкциясына дагы кошулган эмес.

Ушул айдын башында бул өлкөнүн бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин жайында ТАРда өтө турган БРИКСтин саммитине келбөөсүн өтүнгөнү белгилүү болгон. Буга Путиндин Украинадагы согуш кылмыштарга айыпталып, эл аралык кылмыш сотунун аны камакка алуу боюнча чыгарган ордери себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG