Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

УКМК: "Мурас" мүнүшкөр борбору 7 млн. сомдон ашык зыяндын ордун толтурду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Мурас" мүнүшкөр борбору мамлекетке 7 милилон 700 миң сомдук зыян келтиргени аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталаган уюм 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында президенттин иш башкармалыгына караштуу "Аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айылында бак-дарактар мыйзамсыз кыйганы, жайыт жерлердин топурактарык иштеткени аныкталган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Мурас" борборунун жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө, 7 миллион 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Бул акча толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду",-деп жазылган маалыматта.

Аталган уюм буга байланыштуу комментарий бере элек.

"Мурас" куш таптап, аңчылык менен алектенген адамдардын бирикмеси. 2018-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 200дөй мүнүшкөр алгыр куш багат. Алардын ичинен 100 киши мамлекеттик агенттиктен "А" жана "Л" категориясындагы мергенчилик күбөлүгүн алган.

XS
SM
MD
LG