Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Израилдин армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантты


Израиль армиясынын соккусунан кийин Газа тилкесинин үстүнөн көрүнгөн түтүн. 11-май, 2023-жыл.
Израиль армиясынын соккусунан кийин Газа тилкесинин үстүнөн көрүнгөн түтүн. 11-май, 2023-жыл.

Израиль армиясынын Газа тилкесине урган соккуларынан улам "Ислам жихады" кыймылынын башчысы жана анын орун басары мерт болду.

Бул тууралуу 12-майда Рейтер агенттиги жазды. Маалыматка караганда, соңку үч күндө соккулардан аталган кыймылдын беш жогорку даражалуу командири жок кылынды. Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси бул убакыт ичинде Газа тилкесинде 29 жаран набыт кетип, жүздөйү жараат алганын билдирди. Кайтыш болгондор арасында он чакты жайкын тургун да бар. Бириккен Улуттар Уюму муну "кабыл алынгыс кадам" деп сындады.

Израиль армиясы 10-майдан бери Газа тилкесинен 800дөн ашуун ракета учурулганын, алардын көбүн атып түшүргөнүн билдирүүдө.

9-майдын таңында Израиль "Калкан жана жаа" аттуу антитеррордук операциясын баштаганын жарыялаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, "Ислам жихады" кыймылы Израиль аймагында болгон бир катар теракттар үчүн жоопкер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG