Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Бишкек-Бээжин: визасыз жүрүүнүн артыкчылыгы жана тобокелдиги


Кыргызстан-Кытай: Визасыз режимдин күңгөй-тескейи
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

Кыргызстан-Кытай: Визасыз режимдин күңгөй-тескейи

Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Азырынча эки өлкө ортосундагы визаны жокко чыгаруунун жол-жобосу жөнүндө толук маалымат айтыла элек. Бирок, жергиликтүү айрым серепчилер кытай жарандарынын Кыргызстанга ээн-эркин киришине шарт түзүүнүн тобокелдиктерине тынчсызданууда.

Визасыз режимдин шарттары белгисиз

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын өлкөнүн башкы дипломаты парламенттин шаршембидеги жыйынында айтты.

Министр Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолукканда бул маселе талкууланганын билдирди.

"Анда биздин жүк ташуучу айдоочуларга, жарандарга виза берүү маселесин сүйлөштүк. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визадан бошотуу боюнча да сөз болду. Эми иш өзүбүз тараптан болот. Биз кандай сунуш киргизебиз, коопсуздук жана башка маселе боюнча биздин мекемелер кандай сунуш берет, ошого карайбыз. Жалпысынан Кытай тарап сүйлөшүүгө даяр".

Депутаттардын айрымдары чыгыштагы чоң коңшу менен визасыз режимди колдоп, өлкөгө туристтер келип, ишкерлердин ары-бери каттаганы жеңилдерин белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев виза маселесин эртерээк сүйлөшүүгө чакырды.

"Силер сүйлөшүңүздөр. Туристтик, он күндүк виза бериш керек. Ал кишилер калып калбайт. Айдоочулар кыйналып жатат. Ишин бүтүрөт, чыгып кетет", - деди депутат.

Азырынча визасыз режим киргизүүнүн жол-жобосу коомчулукка белгисиз. Бишкек да, Бээжин да маалымат бере элек.

Кытай экспансиясынан чочулагандар

Айрым активисттер Кытай менен визасыз режим киргизүүдөгү коопсуздук маселелерине тынчызданып, ага каршы болгондор да бар.

Алардын бири - Элдик курултайдын төрагасынын орун басары​, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков мындай жүйө келтирди.

"Көп сандагы жарандарга виза бербешибиз керек. Анан өлкөгө келгенин дагы тыкыр көзөмөлдөө зарыл. Тобокелдиктер бар. 200 жыл мурда Америкада эки кытай болсо, азыр шаар, кварталдар пайда болду. Орусияда дагы ошондой абал, Владивосток кытай шаары болуп калды. Алар го чоң мамлекет, кичинекей Кыргызстанга тез эле сезилет", - деди.

Ишкер Жоодар Сайдилкан бул маселедеги коопсуздук жана мыйзамсыз миграция менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн өз сунушун ортого салды.

"Кытай гана эмес Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн АКШ, Британия, Шенген, Жапония, Түштүк Корея жана Перс булуңдарына кирүүгө визасы бар жарандарын, бир гана аба майданы аркылуу кирүүгө уруксат берген шарт түзсөк болот. Ошол учурда гана акчасы бар, коопсуздукка шек келтирбеген, бул жакта калып калууну каалабагандар келет. Ошол агым деле бизге жетиштүү. Себеби, Кытай жарандары учурда саякат боюнча биринчи орунда турат".


Кытай менен Кыргызстандын виза маселеси акыркы он жылдын ичинде кыйла татаалдашып калган. 2020-2021-жылдары пандемияда жабылган чек ара 2022-жылдан кийин гана ачылып, учурда соода жана башка алаканы жанданттуу аракети жүрүп жатат. Парламенттин бир нече депутаты Кытайга жүк ташыган айдоочулар виза ала албай жатканын айтып, Бишкектеги Бээжиндин элчилигин сындашкан.

Март айында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жыл башынан бери кыргызстандык бир жарым миңдей айдоочуга виза берилгенин билдирген. Элчи Бээжин чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына виза берүүдөгү чектөөлөрдү алганын, мындан улам виза алуу үчүн суроо-талап жогорулаганын айткан.

Кытай Казакстан менен дагы визасыз режимди каалайт

Кытай менен 30 күнгө чейин визасыз жүрүү тууралуу келишимге коңшу Казакстан кол койгону турат. Келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери быйыл, 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюшу пландалууда.

Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан киргенден тартып, отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат. Казакстанда буга нааразы болгондор акцияга чыгышкан.

Кыргызстандык жарандык активист Айбек Теңизбаев Кытайдын бул аракетин геосаясатка байланыштырды.

“Дүйнөдө геосаясий жүрүштөр болууда. Европа менен Орусия ортосунда чоң тирешүү болуп жатат. Орусиянын таасири көп чөлкөмдөрдө азайууда. Ушундай кырдаалда Кытайдын аракети жөн жерден келип чыккан жок. Визасыз режим киргизүү сыяктуу кадамдар менен чөлкөмдө кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылууда деп баалайм. Баары ушундай кичинекей кадамдардан башталат. Кытай Орусиянын ордун баскысы келип жаткандай”, - деди.

Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында кытай жарандарына каршы маанай күчөп, кытай ишканаларын кыдырып текшерген топтор, жергиликтүү эл кен тармагында иштеген фабрикаларды талкалаган учурлар дагы болгон.

2019-жылдары айрым тургундар Нарындын Ат-Башы районунда кытай инвестору куруучу логистикалык борборго каршы чыгып, ал токтотулган.

Казак коому кытай жарандарын визасыз киргизүүдөн эмнеге чочулайт?

Буга чейин Казакстан менен Кытай визасыз режим киргизүүнү көздөп, тиешелүү келишимге 18-19-майда кол коюу пландалганы кабарланган.

Казакстан-Кытай чек арасы. Архивдик сүрөт
Казакстан-Кытай чек арасы. Архивдик сүрөт

Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тарта отуз күнгө чейин визасы жок жүрө алат.

Мындай демилгеге каршы чыккандар да жок эмес. Анын себептери тууралуу казакстандык социолог Серик Бейсембаев менен маектештик.

Серик Бейсембаев
Серик Бейсембаев

- Алматыда 1-майда өткөн митингде катышуучулар “Кытайга жол жок” деген плакаттарды алып чыкты. Оппозициядагы саясатчы Муктар Аблязов уюштурган митингге 20 чакты киши катышыптыр. 26-апрелде Жаңы-Өзөндөгү митингде да андай келишимден баш тартуу талабы коюлган. Визасыз режим киргизүү демилгесин казак коомчулугу кандай кабыл алды?

- Буга чейин, бир жыл мурда Кытай менен 14 күндүк визасыз режим кирген. Аны 30 күнгө чейин узартуу боюнча соңку чечим кабыл алына элек. Бирок демилгеге каршы акциялар өтүп жатат. Анын негизги себебин айтсам, казак коомунда Кытайга каршы, синофобиялык көз караш калыптанган, тереңдеп да баратат. Бул кечээ пайда болгон көрүнүш эмес.

2016-жылы жер реформасына каршы нааразылык акцияларына негизинен кытайлыктарга жер сатпоо маселеси түрткү берген. Ошондо бир нече шаарда эл жыйналып, андай мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыкканда, бийлик планынан баш тартууга мажбур болгон. Бир нече жыл өткөндөн кийин Кытай менен жакындашуу аракети, Кытайга визасыз режим ачып берүү өңдүү нерселерди коом каршылык менен кабыл алууда. Алматыдагы, Жаңы-Өзөндөгү талаптар бул мыйзамдуу, күтүлгөн көрүнүш. Визасыз режим тууралуу жаңылык чыккан күндүн эртеси эле эксперттер, коомчулук өкүлдөрү демилге нааразылык менен кабыл алынарын болжолдошкон.

- Нааразылыгын билдиргендер, эксперттер эмнеден чочулашат?

- Жана айткандай, бул синофобиялык көз карашка барып такалат. Central Аsia Barometr деген уюм 2018-жылдан бери Казакстандагы Кытайга болгон көз караш жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп келет. Аны карасаңар, казакстандыктардын 60 пайыздан ашууну Кытай менен кандайдыр бир мамиле курууну колдобойт экен. Кытайга жакындашууну кооптонуу менен кабыл алышат. Мунун биринчи кезекте тарыхый, маданий жүйөсү бар. Кытай менен экономикалык, маданий карым-катнашты арттыруудан коом коркот. Ассимиляциядан чочулашат, себеби миллиарддан ашуун калкы бар Кытай менен 19 миллион калктуу Казакстанды салыштырып болбойт, бул жагынан кооптонуу сезими коомчулукта кеңири тараган.

Андан тышкары өлкөнүн экономикалык, саясий таасиринде да чочулаткан жагдайлар жок эмес. Соңку жылдары Бээжиндин жалпы Борбор Азиядагы экономикалык үстөмдүгү кийинки жылдары карыздардын көбөйүшүнө алып келип, аны табигый ресурстардын, анын ичинде жердин эсебинен төлөп калууга туура келет деген чочулоолор айтылып жатат.

- Казакстандын бийлиги визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн алака-катышын өрчүтүүгө шарт түзөрүн айтууда. Эмне себептен казак бийлиги дал ушу тапта андай демилгени көтөрүүдө? Сиз айткандай, 2016-жылы эле өкмөт жер реформасынан чыккан нааразылыктан улам баш тартпады беле.

- Менимче, мунун артында мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгы турат. Өкмөт визасыз жүрүү күндөрүн узартуу аркылуу Кытай менен соода-сатык, байланыштарды күчөтүү максатын коюп отурат. Соңку жылдардагы экономикалык олку-солкулуктан улам, өкмөт бюджетти толуктоо жолун издеп жатат. Кытай менен байланыш ошондой мүмкүнчүлүк бере турганы анык. Себеби Кытай экономикалык өнөктөш катары Казакстан үчүн өтө маанилүү, ортодогу соода-сатык үлүшү жогору. Ошондуктан жогорудагы демилге артында биринчи кезекте экономикалык себеп турат. Өз кезинде Кытайга жер сатуу, жер реформасына байланыштуу түрдүү жумуш орундары ачылат деген өңдүү аргументтер айтылып келген. Бирок айланып келип, экономикадан мурда коомдун көз карашы биринчи орунда турарын, маанилүү экенин айтуу керек. Жарандар ал демилгени кабыл албаса, андай мыйзамдардын, жол-жоболордун оң натыйжа бербей турганы анык. Адегенде коомдук талкуу өткөрүп, анан чечим кабыл алуу керек.

- Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга, анын ичинде казактарга мамилеси жогоруда сөз болгон нааразылыктын пайда болушуна кошумча түрткү болгон жокпу?

- Ал жагын айта албайм. Бирок соңку жылдары Шинжаңдагы казактарга, уйгурлар ж.б. аз улуттарга болгон кысым, репрессиялар казак коомунда Кытайга болгон тез көз караштын калыптанышына салым кошкону анык. Себеби, бизде Кытайдан көчүп келген казактардын саны өтө көп. 1990-жылдардан бери жер которуп келген кайрылмандар 100 миңден ашат. Алар албетте социалдык бир күч болуп калды. Соңку убакытта социалдык тармактарда Шинжаңдагы кандаштардын жагдайы, тагдыры тууралуу маселени козгоп келет. Кытай андай аракеттерин уланта берсе, бизде синофобиялык сезимдин күчөшү ажеп эмес.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG