Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кытай-Борбор Азия: Жаңы план Орусияны обочодо калтырабы?


 Си Цзинпин Астанада президент Касым-Жомарт Токаев менен. 14-сентябрь, 2022-жыл.
Си Цзинпин Астанада президент Касым-Жомарт Токаев менен. 14-сентябрь, 2022-жыл.

Коронавирус пандемиясында кирген үч жылдык катаал чектөөлөрдөн кийин Кытай өз экономикасына эшигин кенен ачып, тышкы дипломатиялык мамилелерин активдештирүүгө батыл киришти.

Аналитиктердин пикиринде, азыр расмий Бээжин Борбор Азияны “бутага” алган учур.

Казакстан жакында эле Кытай жарандары үчүн визасыз режимди 30 күнгө чейин узартты, Кыргызстан андан үлгү алууга ооп турган чак. Бул кадамдар артында эмне турат жана булар Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет?

Бээжин менен Борбор Азиянын беш мамлекет ортосундагы соода жана коммерциялык байланыштары пандемиядан кийин токтоп калган.

18-19-майда Сиань шаарында Кытай лидери Си Цзинпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен бетме-бет саммит өткөрөт.

Кытай бул жыйындан пайдаланып коңшулардын өкмөттөрү менен визасыз каттоо келишимин түзүп, акыркы мезгилде жетишкен олуттуу ийгиликтерин бекемдөөгө аракет кылат.

Ушул айда Казакстан менен Кытайдын ортосунда эки мамлекеттин жарандары коңшу өлкөдө визасыз 30 күн жүрүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы келишимге кол коюлмакчы.

Азыр Казакстанда Кытай туристтери үчүн коңшу Өзбекстандагыдай эле 14 күндүк визасыз режим иштеп жатат. Кыргызстан дагы Бээжин менен визасыз каттам боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады, анын арты менен расмий Бишкек чек арадагы соода-сатыкты көбөйтүп, инвестициянын көлөмүн өстүрүп, туристтерди арбытуу аркылуу өлкөнүн экономикасын жакшыртууга үмүттөнүүдө.

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгына арналган виртуалдык саммит. 2022-жылдын 25-январы.
Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгына арналган виртуалдык саммит. 2022-жылдын 25-январы.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кытайлык кесиптеши Цинь Ган менен болгон жолугушуусу тууралуу 3-майда Жогорку Кеңеште айтып жатып “жолугушууда жарандарыбызга, анын ичинде айдоочуларга виза берүү, визасыз каттам режимин талкууладык. Эми ишти аткарышыбыз керек, бирок Кытай жалпысынан талкууга даяр жана диалогго ачык", - деди.

Борбор Азиядагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча азыркы аракеттер Кытай өзүнүн миллиарддаган долларлык "Бир алкак - бир жол" тышкы саясий долбооруна жаңы дем киргизүүгө үмүттөнүп, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен чектеш Батыш Шинжаң провинциясындагы кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатканынан келип чыгууда.

Кытай Борбор Азияны Евразия үчүн узак мөөнөттүү экономикалык стратегиясынын ажырагыс бөлүгү катары карайт. Эксперттердин айтымында, Бээжин чөлкөмгө чек аралары ачылып, экономикасы өр алып бараткан чакта жаңы салам дубайын жөнөтүүгө үмүт артууда.

"Пандемия маалында Бээжин [Борбор Азия менен] чек араларын жапканда Кытайдын кадыры жана анын соода алакалары жабыркады", – деп белгилейт Сингапурдагы Раджаратнама эл аралык изилдөөлөр мектебинин улук илимий кызматкери Рафаэлло Пантуччи “Азаттыкка” берген комментарийинде.

"Бул Кытайга экономикалык пайда алып келиши мүмкүн, ошол эле маалда Борбор Азия үчүн Кытайдын эшиги ачык, ишкерликке ыңгайлуу экенин айгинелейт", - деди Пантуччи.

Жаңы бөлүм

COVID-19 пандемиясы трансчекаралык соодага сокку гана урбастан Кытайда катуу чектөөлөрдүн киришине себеп болду. Шинжаң провинциясында Бээжин уйгурларга, этникалык казактар жана кыргыздар баштаган мусулман азчылыктарына колдонулуп келген көп жылдык репрессиялык кампанияга кошумча чек ара көзөмөлүн күчөттү.

Шинжаңдагы “эмгек лагерлери” деп аталган жабык мекемелер менен түрмөлөр, адамдарды мажбурлап иштетүү, төрөттү көзөмөлдөө сыяктуу адам укуктарын чектеген катаал эрежелер Бириккен Улуттар Уюмунун 2022-жылдагы отчетунда "адам укуктарын олуттуу бузуу" катары көрсөтүлүп, кээ бир мамлекеттердин парламенттери аны “геноцид” катары баалаган.

Кытайда абакта жатып чыккандан кийин Казакстанга барган этникалык казактар өз башынан өткөргөн кордук, муңун ачык айткандан кийин бул тема Борбор Азиядагы активисттер арасында кызуу талкууланган темага айланган.

Кытай экспанциясына каршы митинг. 2020-жылдын 13-сентябры. Алматы, Казакстан.
Кытай экспанциясына каршы митинг. 2020-жылдын 13-сентябры. Алматы, Казакстан.

Казакстан менен аймактагы башка өлкөлөрдүн бийликтери адатта Шинжаңга байланышкан кандай гана жарандык активдүүлүк болбосун аны басууга аракет кылып келет. "Дамокл кылычындай" уланып келаткан бул репрессияга карабай Шинжаңда дайынсыз жоголгондордун саналуу туугандары акциясын токтото элек.

Ал учурда Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү эми жаңы ачыла баштаган Кытайдан экономикалык пайда табууну жана коңшу Шинжаң менен соода байланыштарын тереңдетүүнү көздөп турат.

"Бул казакстандык бизнестин ийкемдүүлүгүн арттырып, өз товарлары менен жергиликтүү эле эмес, Борбор Азия, Евразия жана Кытай рынокторун да камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатат. Өз кезегинде инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет", - деп белгиледи 13-апрелде Астанадагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр мамлекеттик институтунун эксперти Адил Каукенов.

Шинжаңдын маанилүүлүгү ушунда - Казакстандын мамлекеттик статистикасына ылайык кытай-казак соодасынын жалпы көлөмүнүн 40 пайызы ушул провинцияга туура келет.

Жыйынтыктай келгенде пандемиядан келип чыккан ийгиликсиз иштерге карабай Кытайдын Борбор Азия экономикасындагы ролу жана орду өсүүдө. Муну фактылар да көрсөтөт - эгер 2020-жылдын аягында Кытайдын аймакка салган инвестициясынын жалпы көлөмү 40 миллиард доллар болсо, 2022-жылдын аягында бул көрсөткүч 70 миллиард долларга жетти.

Кытай капиталынын аймактагы негизги үлүшүн Казакстан ээлейт. Буга сандар да күбө - 2022-жылы кытай-казак соодасы 33 пайызга өсүп, жаңы рекорддук чекти - 24 миллиард долларды түздү, бийликтер аны дагы көбөйтүүнү көздөп жатат.

Быйыл март айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шинжаң Коммунисттик партиясынын катчысы Ма Синжуй башында турган делегацияны Астанада кабыл алып, 565 млн. долларлык жаңы келишимге кол коюшту.

Казакстан Кытай менен Европанын ортосундагы жер аркылуу жүк ташуучу негизги транзиттик аймак бойдон калууда. Ошол эле маалда Казакстан Орусия Украинага басып киргенден кийин санкциялык тобокелдиктен чочулаган жүк ташуучу компаниялардын негизги транзиттик каттамына айланган.

Азербайжан, Грузия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр менен тең катар Казакстан дагы Чыгыш Азия менен Европаны Борбор Азия жана Кавказ аркылуу байланыштырган транзиттик Транскаспий эл аралык автоунаа каттамы болууда, аны менен бул орто жолго инвестиция тартып, кызыгууну арттырууда.

"Негизинен Кытайдын Борбор Азияга мамилеси андай деле өзгөргөн жок", - дейт “Синостан: Кытайдын максатталбаган империясы" китебинин автору Пантуччи. - "Борбор Азия мамлекеттери Шинжаңдын коопсуздугунун жана өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү катары каралат жана бул, Си Цзинпин менен Кытай өкмөтү өздөрүн ыңгайлуу сезип, тыгыз байланыштарды өнүктүрүүнү улантып жаткан аймак".

Тарыхый саммит

Жакында Сианда Си Цзинпиндин төрагалыгы астында Борбор Азия мамлекет башчыларынын катышуусу менен жогорку деңгээлдеги саммит өтөт. Негизги көңүл аймактык инфраструктураны жана коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө бурулат.

Советтер Союзу кулагандан кийин биринчи жолу Кытай лидери Борбор Азиянын бардык беш мамлекет башчысын кабыл алат.

Кытай аткаминерлери бул саммит Бээжин менен аймактын ортосундагы соода-сатыктын дүркүрөп өсүшүн көрсөтөт дешет. Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбин 8-майда журналисттерге саммит "кызматташтыктын жаңы доорун" белгилеген маанилүү окуя болуп каларын айткан. Ал "Кытай менен Борбор Азия ортосундагы мамилелердин жаңы планын иштеп чыгуучу маанилүү саясий документке" кол коюу күтүлүп жатканын кошумчалады.

"Ван жолугушуунун күн тартибинин ийне-жибине токтолгон жок. Бирок бул саммитке кызыгуу зор, себеби Борбор Азия Орусия Украинага басып киргенден кийинки саясий жана экономикалык кесепеттерди жеңип жаткан маал", - деп эсептейт Фростбург мамлекеттик университетинин профессору Хайюн Ма.

Манын пикиринде, жаңы визасыз келишимдин экономикалык түздөн-түз пайдасы азырынча белгисиз. Мындай кадамдар Бээжиндин таасиринин өсүшүнүн белгиси, анын үстүнө Кытай Москва менен байланышын бекемдеп жатканда Борбор Азияда кайра куруулар жүрүп жатат. Салттуу түрдө Орусия Борбор Азияда өз таасирин сактап, кызыкчылыктарын көздөп келет.

Украинадагы согуш Борбор Азия мамлекеттери үчүн ыңгайсыз болуп чыкты. Алар дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү экономикалык мамилелерди түзүп, Кремлден алыстоону көздөп турат. Бирок Орусия аброю төмөндөгөнүнө карабай аймактагы негизги оюнчу бойдон калууда.

Ал таасир Борбор Азиянын беш лидери бирдей 9-майда Жеңиш күнүн майрамдоо салтанатына катышуу үчүн Москвага чукул келгенде толук байкалды. Бул окуяны көптөгөн талдоочулар Кремлдин кысымынын жемиши катары баалады.

Солдон оңго: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун лилери Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземинде. Москва, 9-май, 2023-жыл.
Солдон оңго: Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун лилери Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземинде. Москва, 9-май, 2023-жыл.

Муну эске алган Ма алдыдагы саммитти расмий Бээжин аймактагы мамлекеттердин саясий эгемендигин колдоруна ишендирүү үчүн колдонуп жатат, аны менен бирге Евразияда "борбору Кытайда жайгашкан экономикалык чөйрөнү" түзүү боюнча жаңы кадам таштамакчы деп кошумчалады.

"Бул эми “бир ок менен эки коён атуу” стратегиясы: бир чети Орусиянын таасирин алсыратып, Борбор Азияны Кытай менен, жана анын аймактагы башка долбоорлору менен тыгыз байланыштыруу", – дейт Ма.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG