Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

5,6 млрд. долларлык карыз: Эки жылда 700 миллион доллар кошулду


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд. 623 млн. долларды түздү. Азыркы бийлик ишке киришкенден бери сумма дээрлик 700 миллион долларга көбөйдү. Соңку беш жыл аралыгында кошулган каражат 1 млрд. доллардан ашат. Мурдараак маалымат айдыңында “жаңы бийлик тыштан карыз алган жок” деген талаш чыккан. Статистика анын тескерисин көрсөтүп жатат.

Бирок бийлик карызды төлөөдө маселе жоктугун, өз убагында тейленип жатканын билдирүүдө.

“Элдик экономика” түрмөгүндө мына ушул теманын тегерегинде сөз кылабыз.

Көбөйгөн карыз

Адатта кайсы бир көрсөткүчтөрдү талдоо үчүн он же беш жылдагы сандар алынат. Биз соңку беш жылдын эсеби менен баяныбызды баштайлы.

Демек, 2019-жылдын 31-мартында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 452,22 млн. доллар болчу. 2023-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн бересеси 5 млрд. 623,14 млн. долларды түздү.

Башкача айтканда, беш жылда сумма 1 млрд. 170,92 долларга көбөйдү.

2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө сырттан ири сумма алынганы белгилүү. Бирок ал мурдагы бийликтин тушунда болчу. Азыркы бийлик алган карыздарды сөз кылуу үчүн биз 2021-жылдагы сан менен салыштыралы.

Себеби, Садыр Жапаров ошол жылдын башында толук кандуу президент катары ишке киришкен.

2021-жылдын 31-мартында карыздын көлөмү 4 млрд. 905,49 млн. доллар эле. Ошондо эки жылдан бери жалпы карыз 717,65 долларга өскөн.

“Азаттык” бул кайсы карыздардын эсебинен өскөнүн тактап Каржы министрлигине кайрылды. Мекеменин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаев ага мындайча жооп берди:

Умутжан Аманбаев
Умутжан Аманбаев

“Биз мында “бул сумманын ичинде азыркы эле карыздар барбы же мурдагы карыздар да барбы?” деп тактап алышыбыз керек. Себеби, карыздар дароо келип түшпөйт да. Макулдашууга кол коюлуп, суммалар кийин бөлүнүп-бөлүнүп келип түшүшү мүмкүн. 2010-жылы, же 2015-жылы деле кол коюлган документтерге ылайык карыздар келип түшө берет. Мына ушуну сөзсүз эске алыш керек. Эгер көбөйгөн сумманын ичин карасак, бул 717 миллион доллардын 350 миллиону тышкы карыздан, 350 миллиону ички карыздан көбөйүп жатат. Тышкы карыздын көтөрүлүшүндө бир нече себеп бар. Биринчиден, жогоруда айтканымдай, мурдагы карыздар келип түшөт. Экинчиден, бул жерде курстук айырма роль ойнойт. Биз доллар, евро жана башка валюталар менен да карыз алганбыз. Алардын мурдагы курсу менен азыркы курсунда айырма чоң. Курс көтөрүлгөндө карыз алынбаса, деле бар сумма көтөрүлүп кете берет”.

Умутжан Аманбаев ошол эле маалда жаңы карыздар алынганын четке какпайт. Бирок ал “азыркы өлкө жетекчилиги өтө зарыл нерселерге гана насыя алууну кубаттап жатканын” белгилейт.

“Ооба, жаңы карыздар да бар. Биринчи тышка карыздарды алалы. Азыркы саясатка ылайык, жалаң инфраструктураны оңдой турган жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган гана карыздарды алганы жатабыз. Мурдагыдай бюджетти колдоого же башка нерселерге эмес, жол оңдоого окшогон нерселерге гана алынат. Бул туура багыт. Анан анда сөзсүз түрдө грант элементи болушу керек. Стратегия боюнча алына турган сумманын кеминде 35% грант болушу кажет. Эми ички карызга өтсөк. Азыр биздин саясат ушул жалпы карыздын суммасынан ички карыздын үлүшүн көбөйтүүгө багытталып жатат. Бизде азыр 19% ички арыз, 80% ашыгы тышкы карыз болуп жатпайбы. Барып-барып тышкы карыз азайып, 30-40% ички карыз түзүп калышы керек. Маселен, Арменияда карызынын 40% ички карыз, Кытайда бересесинин 70-80% ички карыз. Биз эгер өзүбүздүн субъектилердин карыз алып, аларга баалуу кагаздарды сатсак, бул Кыргызстандын экономикасына пайда. Алар мындан түшкөн кирешени кайра эле өлкө ичинде кармайт, кайра кирешесинен салык төлөшөт дегендей. Ички карыз ошондой эле улуттук валюта – сом менен алынат, кайра сом менен төлөнөт. Башкача айтканда, мында курстук тобокелдик жок болот”.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы, анын ичинде ички жана тышкы береселеринин соңку беш жылдагы динамикасы.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы, анын ичинде ички жана тышкы береселеринин соңку беш жылдагы динамикасы.

Айткандай эле, соңку жылдары жалпы карыздын ичинде ички карыздын көлөмү көбөйгөнү байкалат. Мурда ички карыз 500-600 миллион доллардын тегерегинде гана болчу. Учурда анын суммасы 1 млрд. 112,06 млн. долларга жетип отурат. Улуттук валютага чакканда 100 миллиард сомго жакын каражат.

Башка жагынан алганда тышкы карыз деле өскөнүн жогорудагы сандардан көрүп жатабыз. Тышкы карыз беш жыл мурда болгону 3 млрд. 792,46 млн. доллар болсо, азыр мунун көлөмү 4 млрд. 511,09 млн. долларга жетти.

Азыркы бийликтин саясий риторикасында “мындан ары сырттан карыз алууну азайтабыз” деген кеп көп айтылып келет. Президент Садыр Жапаров интервьюларында бул жөнүндө өзү да айтып келет.

Маселен, 2022-жыл “жаңы бийлик 1 миллиард доллар карыз алып жиберди” деген сөз тараган учурда президент ошол эле жылдын апрелинде “Кабар” агенттигине маек куруп, Кыргызстан тышкы карызын көбөйтпөй, жапканга аракет кылып жатканын айткан.

2023-жылдын 16-майында кайра эле ушул агенттикке берген интервьюсунда Садыр Жапаров буларга токтолду:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшайбыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, мамлекеттин бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү. Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат. Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген”, – деген Садыр Жапаров.

Быйыл январда ЭлТР телеканалы “Кайсы президент энергетикага сырттан көп карыз алган?” деген сюжет чыгарган. Анда бул тармакка негизинен мурдагы президенттердин тушунда карыз алынганы, президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери бир тыйын карыз алынбаганын айтылган.

Кийин көз карандысыз “ПолитКлиника” сайты бул материалдын үстүнөн фактчек жасап, “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген темада баян чыгарган. “ПолитКлиниканын” журналисттери өз материалында соңку үч жыл ичинде да энергетика тармагына насыя алынганын билдиришкен. Бирок ЭлТРдин жетекчилиги буга байланыштуу “ПолитКлиника” сайтын сотко берген.

Карыздын түзүмү

Ошентип, жалпы карыздын ичинде тышкы карыздын суммасы 4 млрд. 511,09 млн. долларга жеткенин белгиледик. Эгер анын түзүмүн карай турган болсок, эң көбү – 1 млрд. 758,32 млн. доллары доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Андан кийинки орунда 709,39 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз.

Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына (Международная Ассоциация Развития) Кыргызстан 665,19 миллион доллар карыз. Ал эми Эл аралык валюта фондуна Бишкек баш-аягы 472 миллион доллар төлөп бериши керек. Булар үчүнчү-төртүнчү саптагылар.

Кыргызстандын калган карыздары бир нече тараптардан алынган. Анын ичинде жеңилдетилген шартта карыз берген Франциянын банкы, Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги, Германиянын КfW банкы, Түштүк Кореянын Экспорттук-импорттук банкы, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фонду (КФАЭР), Сауд өнүктүрүү фонду, Түркиянын өкмөтү жана Абу-Даби өнүктүрүү фонду (БАЭ) бар. Даниянын Экспорттук-кредиттик банкы, Германиялык Гермес Кредитверзихерунгс-Актинггезельшафт уюму жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы болсо, Бишкекке жеңилдетилбеген насыя берген.

Кыргызстандын ошондой эле Мунай экспорттоочу өлкөлөр биримдигинин өнүктүрүү боюнча эл аралык фондуна (ОПЕК), Азия өнүктүрүү банкына, Евразия өнүктүрүү банкына (ЕАЭБ), Европа Биримдигине, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банктын тобу), Ислам өнүктүрүү банкына, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондго (МСФР) жана Түндүк өнүктүрүү фондуна (СФР) да карызы бар.

Аталган топтордун ичинен акыркы жылдары көбүнчө Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына, Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ), Азия өнүктүрүү банкына (АБР), Евразия өнүктүрүү фондуна (ЕАЭБР) жана Ислам өнүктүрүү фондуна (ИБР) карата карыздардын суммасы өскөн.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өкмөттүн улам-улам жаңы карыз алып жатканын кескин сындап келаткандардын бири.

Ал 10-майда Министрлер кабинетин кызматтан кетирүү боюнча жасаган билдирүүсүндө да ушул маселеге кайрылып, жаңы карыздарды алуу боюнча сунуштар парламенттин комитетине тынбай келип жатканын белгилеген:

“Тилекке каршы, ушунун баарын биздин депутаттардын колу менен жасап жатат. Бардык балээни биздин депутаттарды колу менен жасап жатканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеңештин комитети аркылуу күн сайын биздин балдар, небере-чебере, урпактарыбыздын мойнуна карыздарды илип жатат. Абдан өкүнүчтүүсү ушул”.

Мамлекеттик карыздын деңгээли адатта өлкөнүн экономикасына салыштыруу менен да бааланат. 2019-жылдын мартында Кыргызстандын карызы ички дүң продуктунун 51,4% тең келсе, 2023-жылдын мартындагы эсепте анын 53,03% туура келди.

Мурдараак тиешелүү мыйзамдарда “мамлекеттик карыз алуунун чеги ички дүң продуктунун 60% ашпашы керек” деген норма бар болчу. Насыялар бул көрсөткүчкө жакындап калганда өкмөт аны жоюп салган. Бирок депутаттар бул чекти 70% чейин кайрадан көтөрүүнү сунуш кылган.

Экономист Расул Түлеев өнүгүп жаткан өлкөлөр баары бир карыз алууга аргасыз болушарын белгилейт. Бирок ал алынган каражаттар максаттуу жана өнүгүүгө гана жумшалганда өзүн актайт деп эсептейт.

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“Эгер салыштыра турган болсок, мамлекеттин бюджети үй-бүлөнүн бюджети сыяктуу. Кээ бир үй-бүлөлөр карыз албай эле өз оокатын кыла берет. Айрымдар насыя алып, кайра дагы анын үстүнө карызга батышат. Эгер биз такыр карыз албайбыз десек, анда өзүбүздүн чыгашаларыбызды кескин кыскартып, кирешелерибизди көбөйтүшүбүз керек болот. Тилекке каршы, былтыркы бюджетте 20 миллиард сомдон ашык дефицит бар болчу. Аны жабуу үчүн же сырттан же ичтен карыз алыш керек. Быйылкы жылкы бюджетте дефицит азыраак болду. Демек, мында же чыгашаны азайтышты, же кирешени көбөйтүштү деп бүтүм чыгарсак болот. Теория жүзүндө таптакыр карыз албай коюу мүмкүн, бирок практика жүзүнө келгенде карызсыз мамлекеттер аз. Ошол эле АКШнын мисалын билебиз, аларда 31 триллион доллар карыз болуп кетти. Эң чоң экономикага ээ мамлекет болгону менен эң карызы көп мамлекет болуп жатат. Ошондуктан бир тыйын да карыз албайбыз деген саясат ишке ашпайт, балким азайтса болушу мүмкүн. Башка жагынан алганда экономиканын өсүшү үчүн баары бир каражат керек. Эгер биз баарын кыскарта берсек, ал тескерисинче карыз алгандан көп зыян алып келиши ыктымал”.

Карызды тейлөө

Карыздын көлөмү өскөн соң аны төлөөнүн жылдык суммасы да арбып баратат. 2010-жылдарга чейин бул үчүн жылына 10 миллиард сомго чейин гана каражат жумшалса, 2015-жылдан баштап ага орточо 15 миллиард сомдой жумшала баштады. Соңку беш жылдан бери төлөнүп жаткан сумма 30 миллиард сомдон ашып турду.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаев карызды төлөөгө жумшалчу сумма быйыл жана келерки жылдары кескин көбөйөрүн ырастады:

“Карызды тейлөө үчүн 2019-жылы 28 миллиард сом төлөнгөн. 2020-жылы 30,7 миллиард сом, 2021-жылы 29,5 миллиард сом, 2022-жылы 33,6 миллиард сом жумшалды. 2023-жылкыга болжол 48,6 миллиард сом каралган. 2024-жылы карызды төлөөгө 67,7 миллиард сом жумшалат деп болжолдонуп жатса, 2025-жылга 75 миллиард сом каралган. Мына көрүп атасызбы, өсүп баратат. Биз, отуз жылдык карызды тейлөөнүн эң жогорку чокусуна чыгып баратабыз. 2025-жылкы сумма эң жогору болот, долларга чакканда 540 миллион доллар болуп калат. 2026-2027-жылдары 400-500 миллион доллар болуп турат да, 2032-жылдарга барганда жылдык төлөм 300 миллион долларга түшүп калат. Азыр сумма эмнеге көбөйүп жатат? Азыр негизинен Кытайдын карызын төлөөнүн учуру келип жатат, ошого өсүп жатат”.

Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө жылына жумшалып жаткан суммалар. Финансы министрлиги берген маалымат.
Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө жылына жумшалып жаткан суммалар. Финансы министрлиги берген маалымат.

Арийне, 2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 322 миллиард сом деп бекитилген. Быйыл Кыргызстан карызын тейлөөгө жумшай турган 48,6 миллиард сом мунун 15% түзөт. Келерки жылдары да бюджет көбөйөт деңизчи, бирок анда сумма дагы арбып жатпайбы. Айтор, карызды төлөө жылдан жылга бюджетке оорчулук келтирери айтпаса да түшүнүктүү болуп турат.

Бирок президент Садыр Жапаров соңку интервьюсунда мамлекеттин бюджети жылдан жылга көбөйүп жатканын белгилеп, Кыргызстан мындан ары карыздарын төлөөдө кыйналбай турганын ортого салды:

“Ооба, азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75 пайыздан 2% чейинки кредиттер болуп саналат. Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык”, – деди мамлекет башчы 16-майдагы маегинде.

Деген менен ошол эле мамлекет башчы быйыл жыл башында карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. Президент тышкы карызга кетчү сумманын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген.

Андан бери апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна (ЭФВ) барып, алардын жетекчилиги менен жолугушту. Анда ал аталган уюмдардан алган карызды жашыл экономика жана экологиялык демилгелерге алмаштырууну өтүндү.

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунунун жетекчилери бул долбоордун маанилүүлүгүн жана масштабын белгилешип, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендиктерин кеп кылды. Бирок дароо оң жооп кылышкан эмес.

Карызды мындай жол менен азайтуу же ага кетчү суммаларды башка багыттарга жумшоо боюнча азыркы бийликтин аракеттерин көз карандысыз адистер да колдоп жатышат. Бирок эксперттер мунун ишке ашуусунан күмөн санашат. "Ага бир нече нюанстар бар" дейт финансист Бакыт Сатыбеков.

Бакыт Сатыбеков
Бакыт Сатыбеков

“Дүйнөдө ушундай практика бар. Бирок маселе кандайдыр бир шарттардын негизинде ишке ашат. Мамлекет өтө олуттуу экономикалык кризисте болушу керек же, жакыр мамлекеттердин катарына кириши керек. Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарына кирбейт. Такыр болбосо чет элдик карыз өтө жогору болуп кетсе да, ушундай кылышы мүмкүн. Эл аралык норма менен алганда биздин карыз көп деп саналбайт. Анан ушундай шартта эл аралык уюмдардын карызды кечүүсү же башка долбоорлорго алмаштырышы күмөндүү го. Эсиңердеби, Курманбек Бакиев президент болуп учурда ХИПИК аттуу программага киребиз деп чыгышкан. Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу мекемелер так ошол программа аркылуу гана карыздарды кечет. Алар башка тартип менен карызды кечпейт. Болбогон нерсени сураныштын не кереги бар, билбейм”.

Кыргызстандын мурдагы бийликтери да тышкы карызды кечүү же, реструктуризациялоо боюнча ар кайсы өлкөлөргө жана түрдүү эл аралык финансылык мекемелерге кайрылып келген. Алардын айрымдары ишке ашса, көбү жоопсуз калган.

Ал эми азыркы бийликтин бул аракеттери алгачкы жемиштерин берди десе да болот. Маселен, Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кайсы бир шарт менен кечүүгө макулдук берди.

Тагыраагы, Кыргызстан аны социалдык долбоор менен алмаштырды. Расмий Бишкек кудум ушул көлөмдөгү сумманы, башкача айтканда, аны төлөгөнгө эмес, аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя берүүгө жумшашы керек. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы менен көп кабаттуу үйлөрдү кура баштады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG