Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Садыр Жапаров быйыл тышкы карызга 48,6 млрд. сом төлөнө турганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 31-мартка карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жеткенин, мамлекетте аны төлөөгө кудурети бар экенин айтты.

Бирок тышкы карыздын дээрлик баары 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75 - 2% менен алынганын билдирип, аны мөөнөтүнөн мурда төлөсө, ашыкча чыгым болорун кошумчалады.

Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты.

“Мисалы, тышкы карызга 2004-жылы 3,1 млрд. сом, 2008-жылы 5 млрд. сом, 2011-жылы 9,4 млрд. сом, 2017-жылы 20,6 млрд. сом, 2019-жылы 28,1 млрд. сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат. 2022-жылы 33,6 млрд. сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд. сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд. сом, 2025-жылга 75,1 млрд. сом төлөө каралган. Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчанын баарын карызга төлөө ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз”.

Президент ушу тапта алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү мурда кол коюлган келишимдердин негизинде түшүп жатканын кошумчалады.

2023-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик (ред: тышкы жана ички карыз) карызы 5 млрд. 623 млн. долларды түздү. 2021-жылдын 31-мартында карыздын көлөмү 4 млрд. 905,49 млн. доллар болчу. Акыркы үч жылдан бери жалпы карыз 717,65 млн. долларга көбөйгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG