Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

"Анык эмес маалымат” мыйзамы: ЖМКларга каршы министрликке 22 арыз түшкөн


Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон жүрүштүн катышуучулары. 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон жүрүштүн катышуучулары. 14-октябрь, 2022-жыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жалган маалымат тараткан деген жүйө менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2022-жылдан бери 22 арыз түшкөн.

Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Арыздар “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде берилген.

“Жыйынтыгында үч сайттын ишин эки айга токтотуу чечими чыгарылды. respublica.kg сайтын сот чечими менен жаптык. 24.kg сайтын бир күн жапканга туура келди. Алар арыз ээси менен сүйлөшүп, маалыматты төгүнгө чыгарганы үчүн министрлик чечимди кайтарып алдык. Үчүнчүсү - “Азаттык Медиа”. Ал боюнча азыр сот жүрүп жатат”, - деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “анык эмес маалымат” мыйзамынын негизинде июнь айында ResPublica гезитинин сайтын эки айга жапкан.

Ушул эле жылдын август айында 24.kg сайтын убактылуу жаап, чечимди кайра жокко чыгарган. 24.kg эч кандай төгүндөө бербегенин жана сайтка чыккан маалымат өчүрүлбөгөнүн билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын былтыр 26-октябрда бөгөттөгөн. Быйыл январда “ “Азаттык Медиа” мекемесинин ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз берип, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту аны канааттандырган. “Азаттык” бул чесимге каршы шаардык сотко арызданууга даярдык көрүүдө.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болгон. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал порталдан алынышы керек. Талап аткарылбаса, сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.

Депутаттар тобу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алар жалган маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн 24 сааттан үч күнгө чейин узартуу, доомат коюлуп жаткан ЖМКга да укук берүүнү, арызды кароодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине медиа каражатынын өкүлдөрүн да чакырууну сунуштады.

Долбоор Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинен биринчи окууда өттү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG