Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Венгрия Европа Биримдиги Украинага бөлгөн 500 миллион еврого бөгөт койду


Европа Биримдигинин желеги жана анын фонунда басып бараткан киши. Иллюстрация
Европа Биримдигинин желеги жана анын фонунда басып бараткан киши. Иллюстрация

Венгрия Евробиримдиктин Украинага бөлгөн кезектеги 500 миллион евролук жардамына бөгөт койду. Ал кийинки аптада Украинага жөнөтүлүшү керек болчу.

ANSA агенттиги өз булагына таянып кабарлагандай, Будапешт Европанын тынчтык фонду өзүнүн макамын сактап, Украинаны куралдандыруу үчүн каражат берген уюмга айланып калбашы кепилденсин деген талапты коюуда.

Венгрия Евробиримдикте Орусиянын Украинага басып киришин такай айыптоодон баш тарткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Будапешт Орусиянын мунай жана газына көз каранды.

Венгрия вето укугунан пайдаланып, Евробиримдиктин Украина боюнча чечимдерине бир нече жолу бөгөт койгон.

Европалык тынчтык фонду – шаркеттеги бардык мамлекеттердин мүчөлүк акысынын эсебинен иштейт. Орусия Украинага басып киргенден бери бул фонд Киевге аскердик жана гуманитардык максаттар үчүн бир нече жолу каражат бөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG