Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнчү 21 миллион сом кенемте талкууга айланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте коомчулукта талкууга түштү. Маселе 15-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып колдоо тапты.

Комитеттин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам боюнча иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрүн айтты.

“Кыргыз Республикасынын прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон адамдын үй-бүлөсүнө төлөнө турган материалдык акы бар. Ал “акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку акы төлөнөт” деп жазылган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт”.

Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокуратура кызматкерлерине бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүштү. Бул маселе коомчулукта да талкуу болуп, социалдык тармактын колдонуучулары да кенемтенин суммасы көп экенин жазышууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы иш учурунда каза болгон учурда кенемте бир эле прокуратура кызматкерлерине эмес Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине да төлөнөрүн билдирди.

Маалымат боюнча, мындай компенсация прокуратуранын кызматкеринин жакындарына акыркы 20 жылдын ичинде бир жолу берилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG