Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Грузия орусиялык авиакомпанияга жүргүнчү ташууга уруксат берди


Иллюстрация
Иллюстрация

Грузия 17-майдан тарта орусиялык “Азимут” авиакомпаниясына эки жакка каттамдарды ишке ашырууга уруксат берди. Бул тууралуу Грузиянын жарандык авиация агенттигинин башчысы Гиви Давиташвили IMEDI басылмасына билдирди. Ал эл аралык санкцияга илинген авиакомпаниялардын бири да Грузияга уча албай турганын кошумчалады.

Давиташвилинин айтымында, Орусия менен Грузиянын ортосунда түз каттамдарды аткаруу үчүн беш авиакомпания арыз тапшырган. Анын ичинде "Грузия аба жолдору" да бар.

"Азимут" - 2019-жылдан бери Грузияга учууга уруксат алган биринчи орусиялык авиакомпания.

Орусиянын президенти Владимир Путин 10-майда Грузия менен түз аба каттамдарын жандантып, визалык режимди жоюу чечимин кабыл алган. Буга грузиялыктар каршы болуп, Тышкы иштер министрлигинин алдына митингге чыгышкан. Өлкөнүн президенти президент Саломе Зурабишвили Кремлдин чечимин кескин сындап, аны "чагым" деп атаган.

2008-жылы Орусия жикчил Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына өз армиясын киргизип, алардын төбөлсүздүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакаларын үзгөн.

2019-жылдын жайында Москва Тбилисидеги Орусияга каршы нааразылык акцияларынан улам учак каттамын токтоткон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Грузияда “русофобия” жайгарылганда гана аба каттамдары жандана турганын айткан.

Европа биримдиги учууга кооптуу деген жүйө менен былтыр апрелде Орусиянын бир топ авиакомпаниясын кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия", "Ютейр" жана "Урал" авиакаттамдары" бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG