Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Блогер Жекшеналиевдин иши: Соттук териштирүү уланмай болду


Блогер Ырыс Жекшеналиев сотто. 15-май, 2023-жыл.
Блогер Ырыс Жекшеналиев сотто. 15-май, 2023-жыл.

15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Соттун чечими чыгышы күтүлүп жаткан. Судья Мирбек Сатарбек уулу чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келгенден кийин экспертиза менен таанышуу зарылдыгы келип чыккандыктан жана анын тыянагы боюнча кошумча суроолор болгондуктан, териштирүүнүн мөөнөтү узартыларын жарыялады. Кийинки отурум 24-майга белгиленди.

"Айыптоого эч кандай далил жок"

Ырыс Жекшеналиев бул күнү сотто акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыпты четке какты:

“Бийликти басып алуу аракети боюнча прокурор бир эле далил келтирип берсе, күнөөнү моюнума алганга даярмын. Эч кандай далил келтире алган жок. Бийликти басып алуу үчүн электорат, элди көчөгө алып чыгуу үчүн авторитет, акча болушу керек. Менде бул үч нерсе тең жок”, - деди ал.

Блогердин адвокаты Кантемир Турдалиевдин сөзүнө караганда, "Полит Узник" баракчасына жарыяланган видео боюнча буга чейин политологиялык, лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында “жапырт башаламандыкка үндөө белгилери жок” деген бүтүм чыккан.

Буга чейин, 3-апрелдеги соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жекшеналиев соңку эки жылдан бери коомдук иштерге активдүү аралашып, социалдык тармакта бийликти сындаган көз карашын билдирип жүргөн. Ал 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары суракка чакырылган. Жетим-Тоонун казылышына кескин каршы чыгып жаткан ишкер жана жарандык активист Илгиз Шаменовго байланыштуу маалыматтарды жарыялап турган. Ошондой эле камактагы саясатчылар жөнүндө кабарларды таратып жүрчү.

Соңку бир жарым жылдан бери Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын модератору болуп иштеп жаткан 21 жаштагы активист былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узникке” чыгарганы негиз болгон. Тергөө абагында эки ай отурган блогерди Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сотуна, Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошкон. Алар активистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан.

Ырыс Жекшеналиев өзү да президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоп, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу студент экенин, буга чейин энергетика багытын бүтүрүп, ушул тапта юриспруденция адистигин окуп жатканын, соттон акталып чыгып, окуусун улантуу ниети бар экенин белгилеген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 2022-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын абалы жакшырбаганын, адамдардын фундаменталдуу укуктары бузулган учурлар болгонун жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасында жарыяланган.

Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл “Азаттыкка” берген маегинде өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлаганын, жарандарга “массалык башаламандыкка чакырды” деген кылмыш беренелеринин негизинде айып коюлуп, “анык эмес маалыматтан коргоо” тууралуу мыйзамдын жоболору да иштеп жатканын айткан.

Хизер МакГилл Ырыс Жекшеналиевге байланыштуу тынчсыздануу жараткан ишке да көз салып жатканына токтолгон болчу.

"Жетим-Тоо кенине байланыштуу эски видеону бейкапар эле жарыялап койгону үчүн Ырыс Жекшеналиевди прокурорлор 6 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тынчсыздандырган окуя. Эч ким өз пикирин тынч, ачык билдиргени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Ырыс Жекшеналиевдин өз оюн эркин билдирүүгө болгон укугу бузулуп жатканы талашсыз. Ага керек болсо айып тагылбашы керек эле. Ал бошотулушу керек".

Дагы эки блогер камалды

Соңку аптада Кыргызстанда өзүн блогер деп атаган дагы эки адам камалды.

3-майда Чүйдө акча опузалаган блогер жеринен кармалганын облустук милиция билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 33 жаштагы шектүү Аламүдүн районунун 76 жаштагы тургунун ал тууралуу видеону жарыяларын айтып коркуткан жана 40 миң доллар талап кылган, бул сумманын 37 миң 300 сомун алган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча иш козголголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн жакындары же жактоочулары милициянын маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми 12-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып, 32 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалганын маалымдады. Тик Ток социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн баракчасына улуттар аралык кастыкты козуткан, башка улуттарды кемсинткен постторду жарыялап турган деп шектелип, Кылмыш кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этникалык, диний, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу") менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында 32 жаштагы блогер шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактагы пикири үчүн 330-берене менен иш козголгон учурлар катталган.

Азыркы бийликтин тушунда бир катар эркин журналист, блогерлерге карата кылмыш иштер козголуп, соттун өкүмдөрү да чыккан. Маселен, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Жакында эле эркин журналист Семетей Талас уулу эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилди. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке дагы колдонулду.

Мындан тышкары "Азаттыкка" жана башка көз карандысыз медиаларга кысым күчөдү. Бишкектин Ленин райондук соту 27-апрелде “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Радионун интернет сайты 2022-жылдын октябрь айында бөгөттөлгөн, банк эсеби жабылган, азыр соттук иштер уланууда.

Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына эл аралык белдүү уюмдардын көпчүлүгү тынчсыздануусун билдирүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик өлкөдө демократиянын негиздери толук сакталып турганын айтып келет.

Сөз эркиндигинин абалы

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата басма сөз эркиндигинин абалынын индексин жарыялаган. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырган.


Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрдын этегинде кармалып, камалга 30га жакын саясатчы, блогер, активисттин онго жакыны үй камагына чыккан. Калган 16 киши, арасында жалгыз аял Рита Карасартова тергөө абагында калган. Камакта калгандардын жактоочулары апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. Бирок шаардык сот алардын арызын канааттандырбай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Быйыл январда CPJ жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысым күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

Аталган уюм 27-апрелде "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине да тынчсыздануусун билдирген. Мындай бушаймандыкты бир катар эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, активисттер билдирип, бийликти туура чечим кабыл алууга чакырып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG