Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

Блогер улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды


Кармалган блогер. Сүрөт Бишкек ШИИБне таандык.
Кармалган блогер. Сүрөт Бишкек ШИИБне таандык.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып, 32 жаштагы К.К. аттуу жаран кармалганын маалымдады.

Ага ылайык, Тик Ток социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн баракчасына улуттар аралык кастыкты козуткан, башка улуттарды кемсинткен постторду жарыялап турган.

"Анын посттору социалдык тармактын башка пайдалануучулары тарабынан кызуу талкууланып турган. Бул улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши ыктымал", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык, Кылмыш кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этникалык, диний, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу") менен кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында 32 жаштагы блогер кармалып, ШИИБдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактагы пикири үчүн 330-берене менен иш козголгон учурлар катталган.

2021-жылы окутуучу Гүлзат Алиева дагы ушундай мазмундагы айып менен кармалып, үй камагына чыккан. 2020-жылы февралда Сыдыман деген ат менен таанымал блогер Элмирбек Сыдыманов "улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кармалып, үй камагына бошотулган.

Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, кийин кайра кое берилген, ал эми окутуучу Темир Болотбек Жогорку Соттон акталган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG