Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:06

Саунадагы видеосу тараган милиционер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кызматтык формачан саунада отурган видеосу интернетте тараган милиционер ички иштер органдарынан кетирилгенин бүгүн 15-майда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, ал Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына караштуу бөлүмчөлөрдүн биринин аймактык милиционери экени аныкталды.

Териштирүүнүн жыйынтыгында ал "Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын талаптарын, Тартиптик уставды, Ички кызматтык уставды бузду деген тыянакка келишкени маалым болду.

Кол астындагы кызматкерге тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Ысык-Ата райондук милициясынын жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерине, жалпысынан сегиз адамга сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди.

Видео бир нече күн мурда тараган. Ага комментарий жазгандар милиционер жумуш учурунда кызуу абалда саунада аялдар менен отурганын жазышкан. Ал адам өзү же жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Күч органдарынын, арасында милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу коомчулукта нааразылык көп айтылып келет, бирок ички иштер органдарынын жетекчилиги “Коом алдында кадыр-баркка шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден милициянын катарын тазалоо багытында тынымсыз иш жүргүзүлүп турарын” билдирүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG