Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Лукашенконун басма сөз кызматы анын сүрөт жана видеосун жарыялады


Александр Лукашенконун басма сөз кызматы башкарган "Пул первого" Telegram каналы дүйшөмбүдө Беларустун авторитардык лидеринин аскер кийимчен сүрөтүн таратты.

Ал 15-майда Лукашенконун армия жетекчилиги менен жолугушканда тартылганы айтылат. Кийинчерээк ошол жерден тартылган видео да жарыяланды. Сүрөт жана видеолордо анын сол колу таңылуу экени көрүнүп турат.

Лукашенко дээрлик бир аптадан бери элге көрүнбөй калгандыктан, саламаттыгына байланыштуу кеп-сөз тараган. Журналисттер 9-майда Москвадагы парадда анын абалы жакшы эместей көрүнгөнүн жазышкан. Анда оң колу таңылуу болчу.

Лукашенко 14-майда Беларустун мамлекеттик символдор күнүнө арналган салтанатка келген эмес. Ошондон кийин социалдык тармактарда анын ден соолугуна байланыштуу талкуу күчөгөн. Буга расмий комментарий боло элек.

Армия жетекчилиги менен жолугушууда Лукашенко Орусиянын Брянск облусунда "төрт учак атып түшүрүлгөн" окуяларга байланыштуу аскерлер жогорку даярдыкта турганын айтты.

Кеп 13-майдагы окуялар тууралуу болуп жатат. Анда орус маалымат каражаттары Брянск облусунда эки аскердик тик учак менен эки согуштук учактын кыйраганын жазган. Алардын атып түшүрүлгөнү айтылган. Бирок бул бышыкталган эмес. Расмий түрдө орус бийлиги бир гана тик учак кыйраганын билдирген.

Лукашенко Беларусту дээрлик отуз жылдан бери башкарат. 2020-жылдагы шайлоодо да ал бийликте калганы жарыяланганда эл арасында нааразылык күчөгөн. Демонстрациялар күч менен басылып, оппозициянын өкүлдөрү жана жарандык активисттердин көбү басымдан улам өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG