Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Карыздын санаасы: Кыргызстан ЭВФ менен Дүйнөлүк банкка кайрылды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын вице-президенти Мамта Мурти. Вашингтон, АКШ. 12-апрель, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын вице-президенти Мамта Мурти. Вашингтон, АКШ. 12-апрель, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна (ЭФВ) барып, алардан алган карызды экологиялык долбоорлорго алмаштырууну сунуштады.

Мурдараак президент Садыр Жапаров да ушундай кайрылуу жасаган. Кыргызстандын аталган эки мекемеге бересеси 1 млрд. доллардан ашат. Өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 5 жарым миллиард долларга жетип калды.

Экинчи жолку сунуш

Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарындагы жолугушууларын Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарынын (Spring meetings) алкагында өткөрүп жатат. 11-12-апрель күндөрү ал Дүйнөлүк банктын Адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти жана Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен кездешти.

Тараптар анда экономика, банк, билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча Кыргызстанда аткарылып жаткан жана пландалып жаткан долбоорлор тууралуу кеп кылып, 2027-жылга чейинки кызматташуунун багыттарын такташты.

Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы Антонелла Бассани менен кездешүүдө.
Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы Антонелла Бассани менен кездешүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “кардар өлкөлөргө” каржылык жардамды көбөйтүү зарылдыгын, айрыкча “түз колдоо” маанилүү экенин айтты. Ал мындай көмөк Кыргызстандын экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын терс таасирлерин жоюуга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө түрткү болорун белгиледи.

Жапаров өз сөзүндө мекеме өкүлдөрүнө тышкы карызды жашыл экономика жана экологиялык демилгелерге алмаштырууну сунуштады.

“Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деди анда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматтардан көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү буга дароо оң жооп беришкен эмес.

Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын делегациясы.
Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын делегациясы.

Мамта Мурти Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоору тууралуу маалымат берип, эми жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлорду даярдалып жатканын билдирди.

Ал эми Антонелла Бассани Жапаровдун демилгесин маанилүүлүгүн жана масштабын белгилеп, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендигин кеп кылды.

Бул кыргыз бийлигинин биринчи жолку сунушу эмес. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. Президент буга байланыштуу тиешелүү долбоорлор даяр экенин белгилеп, муну үчүн 7 миллиард доллар зарыл экенин кеп кылган.

Садыр Жапаров ушул эле темага байланыштуу быйыл 8-январда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылган. Анда тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. Президент тышкы карызга кетчү сумманын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз. Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок. Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп, ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз”, – деп жазган анда Садыр Жапаров.

Эл аралык валюта фонду бул Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы атайын адистештирилген финансылык мекеме. Ал ар кайсы мамлекеттерге түрдүү шарттар менен насыя берет.

Дүйнөлүк банк (World Bank) да эл аралык финансылык уюм, ал дагы ар кайсы өлкөлөргө насыя жана гранттарды берүү менен иш алып барат. Ага дүйнөдөгү жүздөн ашуун мамлекет акционер катары ээлик кылат. Мекемеге караштуу беш банк бар, алар Дүйнөлүк банк тобу (World Bank Group) деп аталат.

Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк жазда жана күздө мекемеге мүчө-мамлекетерди, насыя алган кардар-мамлекеттерди, эл аралык уюмдарды, эксперттерди жана журналисттерди Вашингонго чакырып жылдык жыйындарды өткөрүп турат.

2023-жылкы Жазгы жыйындары (Spring meetings) 10-апрелде башталган жана 16-апрелде аяктайт. Ага быйыл 10 миңдей адам катышууда.

Карыздын көлөмү жана долбоорлордун натыйжасы

2023-жылдын февраль айындагы соңку эсепке ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик жалпы карызы 5 млрд. 598,90 млн. долларга жеткен. Мунун 1 млрд. 104,53 млн доллары ички бересе болсо, 4 млрд. 494,37 млн. доллары тышкы бересе.

Тышкы карыздын эң көбү – 1 млрд. 782,82 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Андан кийинки орунда 699,36 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз турат.

Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына (Международная Ассоциация Развития) Кыргызстан 651 миллион доллар карыз. Ал эми Эл аралык валюта фондуна Бишкек баш-аягы 466 миллион доллар төлөп бериши керек. Экөөнү бириктиргенде 1 млрд. доллардан ашат, бул Кыргызстан үчүн чоң сумма.

Умутжан Аманбаев
Умутжан Аманбаев

“Президентибиздин тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгесинин алкагында, биздин министрлик, башка министрликтер да бир топ жумуштарды аткарып жатат. Биздин мекеме карыз берген тараптардын дээрлик баарына ушул боюнча каттарды жибергенбиз. Экология, климатты, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, социалдык долбоорлорду сунуштаганбыз. Кытайга, Францияга, Жапонияга, Германияга, Түштүк Кореяга, Түркияга жана башка өлкөлөргө кат жаздык. Азыр алардан жоопторду күтүп жатабыз. Оң жооп келсе, анда биз деталдуу иштеп, долбоорлордун киреше-чыгашасын эсептеп, кайра жөнөтөбүз. Азыркы учурда бизге Франция менен Германиядан оң жооптор келип жатат. Биздин министрдин орун басары буга байланыштуу Парижге чейин барып, жолугушууларды өткөрүп келди. Министрлер кабинетинин төрагасынын Вашингтондогу жолугушуулары да ушул аракеттердин бири. Ал жердеги жолугушуулар да биздин бул жааттагы жумуштарыбызды алга жылышына чоң өбөлгө берет деп ишенебиз”, -деди Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаев.

Мурдараак маалым болгондой, өкмөттүн бул багыттагы аракеттери жемишин берип, Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кече турган болгон.

Тагыраагы, Кыргызстан аны социалдык долбоор менен алмаштырды. Расмий Бишкек кудум ушул көлөмдөгү сумманы, башкача айтканда, аны төлөгөнгө эмес, аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя берүүгө жумшашы керек. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштады.

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте кура турган үйдүн долбоору.
Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте кура турган үйдүн долбоору.

“Эми алар бардык карызды кечип жибербеши түшүнүктүү. Бизге сумманын кайсы бир бөлүктөрүн гана жоюп, аны Кыргызстанда башка жакка салууга уруксат берсе деле чоң иш. Анткени, биз карызды төлөсөк, акча сыртка чыгып кетет да. Ошол тараптын экономикасына, ошол өлкөнүн ички дүң продуктусуна кирип кетет. Эгер биз аны төлөй турган акчаны бул жердеги долбоорлорго жумшасак, ал биздин экономика үчүн пайдалуу болот. Ошол эле МИК куруп жаткан үйлөрдү алсак, беш-он миңдей киши үйлүү болуп калат, курулуш материалдары сатып алынат, социалдык маселелер чечилет дегендей... Ал эми климат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо жумшалса эффект андан да көбүрөөк болот”, – деди “Азаттыкка” Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын башчысы Умутжан Аманбаев.

ХИПИК жана демократия

Кыргызстандын мурдагы бийликтери да тышкы карызды кечүү же, реструктуризациялоо боюнча ар кайсы өлкөлөргө жана түрдүү эл аралык финансылык мекемелерге кайрылып келишкен. Алардын айрымдары ишке ашса, көбү жоопсуз калган.

Президент Садыр Жапаров да өз риторикасында тышкы карызды азайтуу азыркы бийликтин негизги миссиясы экенин айтып келет. Бирок ал келгенден бери деле сумма баары бир өсүп баратат.

2020-жылы мамлекеттик карыз 4,8 млрд. доллар болсо, жогоруда айтылгандай, азыр анын көлөмү 5,6 млрд. долларга жетти. Башкача айтканда, эки-үч жылда дээрлик 1 миллиард долларга чейин көбөйдү.

Ушунун фонунда азыркы бийликтин аракеттерин көз карандысыз адистер да колдойт. Бирок эксперттер мунун ишке ашуусунан күмөн санашат. Ага бир нече нюанстар бар дейт финансист Бакыт Сатыбеков.

Бакыт Сатыбеков
Бакыт Сатыбеков

“Дүйнөдө ушундай практика бар. Бирок маселе кандайдыр бир шарттардын негизинде ишке ашат. Мамлекет өтө олуттуу экономикалык кризисте болушу керек же, жакыр мамлекеттердин катарына кириши керек. Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарына кирбейт. Такыр болбосо чет элдик карыз өтө жогору болуп кетсе да, ушундай кылышы мүмкүн. Эл аралык норма менен алганда биздин карыз көп деп саналбайт. Анан ушундай шартта эл аралык уюмдардын карызды кечүүсү, же башка долбоорлорго алмаштырышы күмөндүү го. Эсиңердеби, Курманбек Бакиев президент болуп учурда ХИПИК аттуу программага киребиз деп чыгышкан. Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу мекемелер так ошол программа аркылуу гана карыздарды кечет. Алар башка тартип менен карызды кечпейт. Болбогон нерсени сураныштын не кереги бар, билбейм”.

Ооба, кеп болуп жаткан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк 2005-2006-жылдары Кыргызстанды ХИПИК программасына кирүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ошол учурда экономика жана финансы министри болчу жана ал муну жактап чыккан. Жапаров азыр деле ошол пикири туура болгонун экенин айтып келет.

ХИПИК программасынын алкагында кезинде Кыргызстандын тышкы карызынын тең жарымы кыскарары айтылган. Бирок ошол учурдагы депутаттар, бир катар саясатчылар жана активисттер бул Африкадагы жакыр мамлекеттер кирген программа экенин айтып, ага кескин каршы чыгышкан. Натыйжада Кыргызстан аталган программага кошулбай калган.

Башка маселе, Кыргызстандын сырттан каржылык жардамдарды алуусу жөнүндө кеп болгондо дайыма демократиялык институттарга байланыштуу да талкуу күчөйт. Жарандык коом жаңы гранттарды жана насыяларды алуу үчүн, же аларды кечтирүү үчүн өлкө адам укугун сыйлап, сөз эркиндигин камсыздап, калыс соттук системаны жана укук коргоо органдарын ишин адилеттүү уюштуруп бериши керек деп эсептешет.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова буларга токтолду:

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

“Акылбек Жапаров көтөрүп жаткан маселе жаңылык эмес. Президент да, башка аткаминерлер да муну бир нече жолу айтышканын билебиз. Буга байланыштуу жарандык коомдун өкүлдөрүнөн да бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Айтор, бул демилге колдоого аларлык демилге. Дүйнөдө айрым өлкөлөр жарандык коом менен чогуу иштеп, карыздардын кайсы бир бөлүгүн жойдурган мисалдар көп. Биз ошол эле экология жаатында долбоорлорду ишке ашырып, карыздарды кечтирсек болот. Кумтөр калтырган алтын калдыктары, Майлуу-Суудагы уран калдыктары жана башка кооптуу жайлар менен иштөөгө эл аралык коомчулук кызыкдар. Бирок жарандык коом менен жакшы иштебеген өкмөт дүйнөдө анча колдоого алынбайт. Алар жардам берерде шайлоолор кандай өтүп жатат, сөз эркиндиги, демократия кандай өнүгүп жатат, адам укуктары, гендердик баланс сакталып жатабы, мына ушунун баарын эсепке алат. А бизде кандай болуп жатат? Андай баалуулуктар сакталбай жатат. Тескерисинче, оппозицияга, жарандык коомго, медиага, анын ичинде “Азаттыкка” куугунтук болуп жатат. Мунун фонунда “карызды долбоорлорго алмаштыргыла, кечип бергиле” деген куру сөз”.

Айткандай эле, азыркы бийликтин тушунда Октябрь окуяларына байланыштуу ондогон активисттер кармалып, Кемпир-Абад ишинин алкагында саясатчы-укук коргоочулар тергөө абактарына камалып, алды кайра чыкты. Иликтөөчү журналист Болот Темиров өз өлкөсүнөн чыгарылса, дагы башка журналисттер камакка алынып, кайра бошотулду. ResPublica порталынын, “Азаттык” радиосунун сайттарынын бөгөттөлүп, ал тургай “Азаттык Медиасын” биротоло жабуу үчүн соттук иш жүрүп жатат.

Мына ушуну мисал келтирген адистер эл аралык коомчулукта Кыргызстандын аброюна доо кеткенин белгилеп жатышат. Адам укуктары, сөз эркиндиги жана башка жаатта иш алып барган эл аралык жана жергиликтүү уюмдар жарандык коомго жана басма сөзгө кысым-басым күчөгөнүн айыптап жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG