Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Исаев БУУнун өкүлү менен тышкы карызды "жашыл" долбоорго алмашууну сүйлөштү


Асеин Исаев менен Луиз Чемберлен.
Асеин Исаев менен Луиз Чемберлен.

Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев 20-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолукту. Анда тараптар өлкөнүн тышкы карызын экологиялык долбоорлорго алмаштыруу демилгесин талкуулады.

"Асеин Исаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн, Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуунун, тактап айтканда, калкты суу, электр жарыгы, саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы керектөөсүн камсыз кылуунун зарылдыгын айтты. Өзгөчө көңүлдү президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын тышкы карызын экологиялык долбоорлорго алмаштыруу демилгесине бурду",-деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо Дүйнөлүк банктын өкүлү Мамта Мурти менен жолукканда дагы ушул маселеге токтолгон. Анда Кыргызстандын тышкы карызын жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунушун Фейсбуктагы баракчасына жазган.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 578 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4,5 миллиарддан ашууну тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG