Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Европарламент Москвадан Кара-Мурзанын бошотулушун талап кылды


Владимир Кара-Мурзаны 17-апрелде сот 25 жылга эркинен ажыраткан.
Владимир Кара-Мурзаны 17-апрелде сот 25 жылга эркинен ажыраткан.

Европа парламенти 20-апрелде орусиялык оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзага чыгарылган сот өкүмүн айыптаган резолюция кабыл алды. Документте чечимдин саясий өңүтү бар экени жана ал тез арада, эч кандай шартсыз бошотулушу керектигин жазылган.

Ушул эле резолюцияда депутаттар орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный баштаган саясий туткундар абактан бошотулбай жатышын сындаган.

Владимир Кара-Мурзаны 17-апрелде сот 25 жылга эркинен ажыраткан. Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген өңдүү бир катар айып коюлган. Кара-Мурза сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү моюнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.

Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

Орусиянын Юстиция министрлиги Владимир Кара-Мурзаны "чет элдик агент" деп тааныган.

Ага былтыр октябрда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган.

Орусиялык көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар өткөн жумада Кара-Мурзага козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны тез арада бошотууну талап кылышууда.

Эркин маалымат каражаттарынын эсебинде, Орусия Украинага басып киргенден бери 200гө жакын жаранга "орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген айып тагылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG