Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Жарандык коом Атыр Абдрахматовага байланыштуу бийликке кайрылды


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, омбудсмен Атыр Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдиришти.

Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышты.

20-апрелде таратылган кайрылууга кол койгондор омбудсмендин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши эл аралык стандарттарга карама-каршы келери жана дүйнөлүк коомчулук аны терс кабыл алары белгиленген. Ошондой эле адам укугунун сакталышы үчүн иштеп жаткан жетекчиге көмөктөшүү зарылдыгы айтылган.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштаган. Көп өтпөй президенттин маалымат катчысы аны карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындаган.

Абдрахматова Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасады. Айрым депутаттар анын баяндамасын токтотууну, суроо-жооп да кылбай, ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштап чыгышкан.

Акыйкатчы түрдүү каралоого кабылып жатканын сөз эркиндиги, жапырт камоолор боюнча оюн ачык айтып чыгып жатканы менен байланыштырып келет.

41 жаштагы Атыр Абдрахматова кызматка жарандык коомдон келген. Аны институтка жетекчи болуп 2022-жылы мартта, Жогорку Кеңеш шайлаган. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG