Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Бишкектеги жол кырсыгы: 24 бала жабыркады, бирөө оор абалда


Соцтармактарда тараган видеодон алынган скриншот.
Соцтармактарда тараган видеодон алынган скриншот.

20-апрелде Бишкек шаарынан “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон жол кырсыгында жараат алган балдардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” 21-апрелде билдирди.

Анын айтымында, дагы төрт бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө кайрылган. Экөөнүн абалы жакшы болгону үчүн үйүнө жөнөтүлгөн.

“Реанимациядагы үч бала өзүнө келди. Ал эми бирөөнүн абалы дагы эле оор бойдон калып жатат, бирок туруктуу”, - деди Мананов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" 20-апрелде саат 11:15те түшкөн.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек МанановАзаттыкка” билдиргендей, азыр бейтапканада жаткандар 2012-2015-жылдар аралыгында туулгандар.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот.

Күбөлөр автобусту арттан Go BUS шаттлы (кичи автобус) сүзгөнүн айтып беришкен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ооруканада жаткан балдардын абалын көрдү.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жабыр тарткан окуучуларга мүмкүн болгон жардамдын баары көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөнүн кабарлады.

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө, бул жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Балдарды мектепке ташыган автобустун айдоочусу №4 травматология ооруканага жаткырылган.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсү менен байланыштуу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG