Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Садыр Жапаров бир катар судьяларды дайындады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын дайындады. Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы соттордун судья кызматына 20 талапкерди сунуштаганы жазылган.

Жарлыкка ылайык, төмөнкү адамдар судья болуп дайындалды.

  • Ысык-Көл облусу:

Болоткан Дүйшөналиев Ысык-Көл облустук соттун судьясы;
Гүлзат Абдинасырова, Тоң райондук соттун судьясы;
Азат Матемиров, Ысык-Көл райондук соттун судьясы

  • Баткен облусу:

Нуртилек Кимсанов, Баткен райондук сотун судьясы;
Автандил Матказиев, Кадамжай райондук соттун судьясы;
Замир Акимов, Кызыл-Кыя шаардык соттун судьясы.

  • Жалал-Абад облусу:

Сулайман Алымкулов, Ала-Бука райондук соттун судьясы;
Индира Жунушалиева, Сузак райондук соттун судьясы;
Жанайым Кулукеева, Кара-Көл шаардык соттун судьясы;
Алина Картамбаева, Жалал-Абад шаардык соттун судьясы.

  • Ош облусу:

Майрам Оморова, Алай райондук соттун судьясы;
Айнур Таштанова, Ош шаардык соттун судьясы.

  • Бишкек шаары:

Махабат Бекишова, Бишкек шаардык соттун судьясы;
Дилярв Мулюкбаева, Октябрь райондук соттун судьясы;
Бактыгүл Алымбекова, Биринчи май райондук соттун судьясы;
Адил Жаныбек уулу, Свердлов райондук соттун судьясы;
Урмат Маматкеримов, Свердлов райондук соттун судьясы;
Жолдошбек Сулайманов, Свердлов райондук соттун судьясы;
Жанболотов Улан Кубанычбекович, Ленин райондук соттун судьясы;
Дулан Жунушов Ленин райондук соттун судьясы.

Ушул жылдын башында Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков парламентте сүйлөп жатып, Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алган. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган.

Жапаров ошондой эле судьяларды коомчулукка ачык болууга, жарандык коом менен иштешүүдөн качпоого, чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгарылган өкүмдөр тууралуу кеңири маалымат берип турууга чакырган.

Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык азая элек. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG