Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Президенттин маалымат катчысы Абдрахматованын билдирүүсүн сындады


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берди. Анда кабарчы акыйкатчы Атыр Абдрахматованын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу суроо берген.

"Сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгып жатат. Алардын сөзүн журналисттер жана блогерлер таратып жатат. Бизде эч кандай сөз эркиндигин кысмакка алуу жок. Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат. Ошондуктан ал жагдайды ошондой көрүп жатат. Анын карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес",-деген Султанбаев.

Абдрахматова Султанбаевдин бул сынына азырынча жооп бере элек.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштаган. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирген. Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анда бул жаатта бир топ маселелер бар экенин билдирди.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган.

Өткөн айда АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялаган. Анын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө өлкөдөгү күч кызматкерлери катышкан кыйноолор, сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, сот системасынын көз карандылыгы, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, бийлик бутактарындагы коррупция, гендердик жана азчылыктарга каршы зомбулук же коркутуулар тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG