Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Кадырбеков кылмыштуулук көбөйгөн жагдайды талдоону сунуштады


Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында "Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалы тууралуу маселе көтөрдү. Ал дүйнөлүк рейтингдерде өлкө арткы орунда турганын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

"Бул эмнеден улам болуп жатат? Ушуну дагы бир талдайлычы. Күч органдарына тапшырма берип, иликтейли. Балким күч органдары жакшы иштебей жаткандыр, балким мектептерде тарбия керектир. Анткени туристтерди качырып алышыбыз мүмкүн. Инвесторлорду айтпай эле коеюн",-деди Кадырбеков.

Буга чейин World Population Review порталын Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялаган. Анда 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 31-орунду (индекси 56,87%) ээлеген. Казакстан 40-орунда, Өзбекстан 99-орунда турган.

Өткөн аптада башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөнүн билдирген. Ал кылмыштуулуктун өсүшүн Жоруктар кодексинин жоюлушу жана кылмыштарды каттоо тартибине прокурорлук көзөмөлдүн күчөгөнү менен негиздеген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын тактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG