Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Бишкек: мектептерге бомба коюлганы жөнүндөгү кабар текшерилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында бир катар мектептерге 20-апрелде эртең менен бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар сыртка чыгарылды. Күбөлөрдүн айтымында, учурда №33, 67, 17, 51, 52, 62, 63 мектептерде, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде, Seitek STEM, Bishkek International School жеке менчик окуу борборлорунда окуучулар эвакуацияланды. Айрым окуу мекемелерин милициялар курчап турат жана өрт өчүргөн машиналар да келген. Шаардык милицияга бул окуяларга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Бишкекте 18-апрелде дагы айрым окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мындан улам бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор барган.

20-январда да Бишкектеги бери дегенде беш мектептин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Текшерүү учурунда бомба коюлбаганы маалым болгон.

Былтыр декабрда милиция №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу 102 кызматына анонимдүү маалымат түшкөнүн кабарлаган. Милициянын ыкчам тобу барып мектепти курчоого алып, окуучулар жана мугалимдер имараттан чыгарылган. Мэриянын басма сөз кызматы эч кандай жардыруучу зат табылбаганын маалымдаган. Милиция жалган маалыматты кимдер таратып жатканы аныкталып-аныкталбаганын билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG