Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Парламентте Ширшовдун аты аталган жаңы схемалар тууралуу айтылды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Санарип өнүктүрүү министрлигинде Алексей Ширшовдун аты аталган айрым каржылык схемалар тууралуу маселе көтөрдү. Ал буга байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылып, жагдайга көңүл бурулушу керектигин эскертти.

"Сиздер Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ширшов деген атактуу киши көмүскө башкарып жаткан ишканаларды карашыңар керек. Бул министрликтин алдында "Евразия сактык банкы" бар. Жакында эле баасы 14,5 миллиард сомдон ашуун деп бааланып жаткан "Альфа Телеком" былтыр жыл аягында "Евразия сактык банкынын" 9,42% акциясын сатып алып жатат. Бул экөө тең Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында. Ошо жерде отуруп алып каржылык схеманы ойлоп таап жатышат. Ошондой эле мен жакында эле айткан, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын башкарган Евгения Судецтин күйөөсү Владимир Андросик Максим Бакиевдин убагында Ширшов менен чогуу бир топ иштерди жасап жүргөн. Андросик "Евразия сактык" банкынын 2,9% акциясын сатып алып жатат. Эсеп палатасы ушул маселени карабасаңар болбойт. Бүт бардык акчаны, мыдыр байлыгыбызды жыйнап туруп Ширшов качып кеткенде баарыбыз жер тепкилеп отуруп калбашыбыз керек",- деди Акаев.

Санарип өнүктүрүү министрлиги депутаттын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Евгения Судец Кыргызстандын Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчилигинен өз арызы менен кеткен. Ал бул кызматка былтыр жыл аягында дайындалган. Анын жарым жыл мурда кыргыз жарандыгын алганы талаш-талкуу жараткан. Мурда орус жараны болгон Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган. Судец өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы жок экенин билдирген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде Жогорку Кеңеште журналисттик иликтөөдөн кабары жок экенин, депутаттын көтөргөн маселесин карап чыгып жооп берерин билдирген.

Алексей Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы кымбат баалуу ондогон батир жана коттеждердин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган. Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.

Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG