Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Эркечтам бекети: ЖКда айдоочулардын тыгыны жөнүндө маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Айбек Осмонов кыргыз бажычыларынын айынан Ош облусундагы Эркечтам бекетинде кытай тарапта жүздөгөн кыргызстандык айдоочу узун кезекте турганын билдирди. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаcбек Абытовго кайрылып, бул маселе чукул чечилиши керектигин айтты.

"Биздин Кытайга каттаган айдоочулар жүздөгөн машина менен кезекте турат. Алар Кытай куруп берген Майдан деген жерде Кыргызстанга өтө албай турат. Себеби ошол жерде биздин бажычылардын таразасы иштебейт экен. Мына ошонун негизинде тыгын болуп, 300-500 машина кезекте турат экен. Майдан талаасында болсо эч кандай шарт жок экен. Бул Ош облусунун эң көйгөйлүү маселелеринин бири. Бажычалар убакыт менен иштейт экен, күнү-түнү иштегидей кылса болбойбу? Алмас Акунжанович, мындай болбойт, мен протоколдук тапшырма берем. Бүгүнтөн калбай чечилсин",-деди Осмонов.

Төрага Нурланбек Шакиев дагы Абытовго кайрылып, бул протоколдук тапшырма каралышы керектигин айтты.

Бажы кызматы бул доомат тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин кыргыз-кытай чек арасында "Эркечтам” (Ош) жана "Торугарт" (Нарын) бекеттеринде жүк ташыган машиналардын узун кезеги тууралуу маалыматтар чыккан. Анда кээ күндөрү 300-400, айрым учурда 500-600 машине Кытай тарапка кире бериште тыгылып турганы айылган. Расмий органдар мунун себебин коңшу өлкөгө кирип-чыгып жаткан транспорттордун саны кескин өскөнү менен түшүндүргөн.

Кытайдын Бишкектеги элчилиги ушул жылдын башынан тартып кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү кыйла жеңилдеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG