Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Акылбек Жапаров окуучулар митингге чыккан окуяны сынга алды


Митиндин видеосунан алынган скрин.
Митиндин видеосунан алынган скрин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-апрелде билим берүү тармагындагы айрым маселелерге байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектеги №1 интернат-гимназиядагы талаш-талкуу жараткан окуяларды сынга алды.

"Акылбек Жапаров мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбесин белгиледи. Жыйындын соңунда бир катар тапшырмаларды берди",-деп айтылат кабарда.

Бишкек шаардык мэриясы 17-апрелде аталган гимназия-интернатынын мурдагы директорун кызматта калтырууну талап кылган мугалимдер менен окуучулардын митинги тууралуу билдирүү тараткан.

Анда буга чейин мектептин эмгек жамаатынан, Бишкек шаардык прокуратурасынан жана шаардык кеңештин депутаттарынан кайрылуу түшүп, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнү жазылган. Ошондой эле комиссия мектептин ишин текшерген учурда одоно мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленген.

“Шаардык интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуп, "Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси" аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынган”, - деп айтылган мэриянын билдирүүсүндө.

Мэрия аталган мектептин мурдагы директору Нургүл Матканова Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно тартип бузганы үчүн кызматтан алынганын, ал документтерди өткөрүп бербей, жаңы дайындалган жетекчинин ишине тоскоол болгонун да кошумчалаган.

Учурда гимназия-интернаттын мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга Бишкектеги башка мектептерден жумуш сунушталып жатканы белгилүү болгон.

17-апрелде социалдык тармактарга Бишкектеги №1 мектеп-интернаттын имаратынын алдында мугалимдер менен окуучулардын митингге чыкканы тартылган видео тарады. Анда митингге чыккандар мектептин мурдагы жетекчисин кызматта калтырууну талап кылып, “Кетпесин!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG