Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты


Семетей Талас уулу. Буга чейинки соттук отурумда тартылган сүрөт.
Семетей Талас уулу. Буга чейинки соттук отурумда тартылган сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулунун ишин карап, аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты.

Судья Кылмыш-жазык кодексинин 83-беренесине ылайык, аны жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

Журналист өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанабы же жокпу адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, муну үчүн кечирим сураган.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза ал "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. Буга чейин Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип жүргөн.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, жазага тартылган кишилер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG