Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Сот америкалык журналист Гершковичтин апелляциялык арызын четке какты


Эван Гершкович Москва сотунда. 18-апрель, 2023-жыл
Эван Гершкович Москва сотунда. 18-апрель, 2023-жыл

Орусиянын соту америкалык журналист Эван Гершковичтин апелляциялык арызын четке какты. Москва шаарынын соту 18-апрелде Wall Street Journal гезитинин кабарчысын камакта калтыруу чечимин чыгарды. АКШнын элчиси Линн Трейсиге жана 10 журналистке сотко катышууга уруксат берилген.

31 жаштагы Гершкович 30-мартта кармалып, ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) аны АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.

8-апрелде ФСБнин тергөөчүлөрү Гершковичке расмий түрдө "тыңчылык кылган" деген айып тагышты.

Журналист бардык айыптоолорду четке кагып, Орусияда журналисттик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.

Анын адвокаттар тобунун мүчөсү Мария Корчагина шейшемби күнкү угуулардан кийин Гершковичти үй камагына чыгаруу же күрөөгө бошотуу аракети көрүлгөнүн айтты.

Вашингтон жана Wall Street Journal кабарчынын тыңчылыкка аралашаканын танууда. Ал кансыз согуш аяктагандан бери мындай айып менен Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

10-апрелде АКШнын Мамлекеттик Гершкович Орусия тарабынан "мыйзамсыз кармалган" деп тапкан жана аны ароо боштууга үндөгөн. Ушундай эле чакырыкты президент Жо Байден жана бир катар эл аралык уюмдар жасашты.

Орусия кабарчы “журналисттик ишмердикке жамынып алып” кыңыр ишин жасап жүргөнүн, жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген жеринен кармалганын айтууда.

Орусияда алты жылдай иштеген Гершкович Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG