Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

"Орусия менен Кытай Борбор Азия үчүн араздашууга кызыкдар эмес"


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (оңдо) жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сиань шаарында документтерге кол коюу салтанатында кол алышып учурашып жатышат. 2023-жыл, 17-май.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (оңдо) жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сиань шаарында документтерге кол коюу салтанатында кол алышып учурашып жатышат. 2023-жыл, 17-май.

“Кытай – Борбор Азия саммити эмнеден кабар берет жана кандай келишимдерге алып келиши мүмкүн? Чөлкөмдөгү мамлекеттердин Кытай менен жакындашуусунун пайдасы жана зыяны эмнеде? Орусияда болуп жаткан окуяларга карата мамиле кандай жана Москва менен Бээжиндин ортосундагы тереңдеп бараткан кызматташтыктан Борбор Азия мамлекеттери эмне үчүн “уттурат”?

Сиандагы саммит алдында "Азаттык" Кытайдын чөлкөмдөгү саясаты боюнча изилдөөлөрдүн автору, эл аралык эксперт Раффаэлло Пантуччи менен маектешти.

Пантуччи – Сингапурдагы Раджаратнам эл аралык изилдөөлөр мектебинин (RSIS) улук илимий кызматкери жана Лондондогу Коргоо жана коопсуздук боюнча Королдук изилдөө институтунун (RUSI) улук илимий кызматкери. Анын Александрос Петерсен менен биргелешип жазган “Синостан” аттуу акыркы китебинде Кытайдын Борбор Азиядагы өсүп бараткан таасирине басым жасалган.

"Батыш кирбеген форумдарды түзүү"

- Сианда өтө турган "Кытай – Борбор Азия" саммити алты өлкөнүн лидерлеринин тарыхтагы биринчи бетме-бет жолугушуусу болот. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү бул жолугушуу “мамилелердин жаңы планын иштеп чыгууга жардам берет” жана “кызматташтык үчүн жаңы доорду ачат” деди. Президенттер маанилүү саясий документке кол коюшары да айтылат. Азыркы геосаясий кырдаалда бул саммит тууралуу эмне айтууга болот? Анын күн тартибинде эмне болушу мүмкүн?

Раффаэлло Пантуччи, Лондондогу Бириккен кызматтардын королдук институтунун улук илимий кызматкери.
Раффаэлло Пантуччи, Лондондогу Бириккен кызматтардын королдук институтунун улук илимий кызматкери.

Раффаэлло Пантуччи: Кытай менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын тарыхы кыйла узак. Мындай жолугушуулар, атүгүл бир топ жогорку деңгээлде да, буга чейин онлайн режиминде өткөрүлгөн.

Саммиттин форматы таптакыр жаңы эмес, бирок албетте, бул жолку жолугушуу биз буга чейин көргөнүбүздөн кыйла жогорку деңгээлде өтөт. Менин оюмча, Борбор Азия Кытай үчүн дүйнөнүн бир кызыктуу бөлүгү, анткени ал Кытайдын эң аялуу аймактарынын бири Шинжаң менен чектешет жана аны менен тыгыз карым-катнашта. Кытайдын Борбор Азия менен болгон мамилеси дайыма Кытайдын ички коопсуздук кызыкчылыктарына байланышкан, ошондуктан аталган өлкөлөр Кытай үчүн абдан маанилүү.

Биз ошондой эле Борбор Азия Кытай салттуу түрдө жаңы тышкы саясий ыкмаларды сынап көрө турган жер экенин байкадык. Ошол эле Шанхай кызматташтык уюму, Кытай иштеп чыгып жаткан биринчи эл аралык көп тараптуу коопсуздук демилгеси. Ал ачык эле Борбор Азияга басым жасоо менен башталып, азыр кеңейди.

“Бир алкак - бир жол” демилгеси Борбор Азияда пайда болуп, ал дагы өркүндөдү. Бээжин өлкөнүн чегинен тышкары түзгөн мындай инфратүзүмдүн башка мисалдары да бар. Мен кандайдыр бир мааниде саммитти ушул алкакка сыйдырар элем. Ошондой эле, Кытайдын ковидге нөлдүк сабырдуулук саясаты аяктагандан бери Борбор Азия маанилүү өнөктөш катары көрүнүүдө. Президент Си пандемиядан кийинки биринчи иш сапарын дал ошол жакка жасады. Борбор Азия Кытайга жаккан жана өз ара аракеттенүүгө ыңгайлуу чөлкөм экени талашсыз.

Бирок Кытай азыр дүйнө менен мамиле курууга далалат кылып жаткан башка да ыкма, өңүт бар. Бул Батышты камтыбаган альтернативдүү форумдарды жана форматтарды түзүү аракети. Бул жаатта саммит "биз менен жогорку деңгээлде өз ара алака-катыш түзүүнү каалаган көптөгөн державалар бар" экендигин көрсөткүсү келген Кытайдын стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

- Си Цзинпин тажик президенти Эмомали Рахмонду Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Кытай Борбор Азия менен мамилени жакшыртуу боюнча “ири план” даярдап жатканын жарыялап, “жаңы план май айында Сиань шаарында өтө турган Борбор Азиянын биринчи саммитинде сунушталат” деп кошумчалады. Ушундай эле катты Си Цзинпин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге да жолдоду. Бул жаңы план кандай болушу мүмкүн? Ал эмнени камтышы ыктымал?

Раффаэлло Пантуччи: Саммит ири келишимдерге кол коюу жана учурдагы же жаңы ири долбоорлорду илгерилетүү менен аяктабаса, мен абдан таң калам. Саммит мындан ары да өткөрүлө турган формалдуу форумга айланат деп жарыя кылынса да таң калбайм.

Ошондой эле Казакстандын Кытай жарандары үчүн визасыз режимди киргизиши боюнча абдан кызык суроо бар. Кыргызстан да ушундай нерсени пландап жатат. Бул кызыктуу жышаан жана бул кытайлыктар мактангысы келген нерсе, анткени бул мамиле эки таратуу болорун жана Кытай Борбор Азияны Борбор Азия Кытайды кызыктыргандан кем эмес кызыктырарын көрсөтүп турат.

Пандемия учурунда экономикалык жана соода алакаларында чоң мүчүлүштүктөр болгонун да белгилей кетүү керек. Кытайдын таажы вируска каршы күрөшүү саясаты товарлардын чек арадан өтүүсүн абдан кыйындаткан. Инвестициялар кескин кыскарды, бирок биз акыркы бир жыл ичинде алардын өсүшүн байкадык. Бул көрсөткүчтөр азырынча анча жогору эмес, бирок күч ала баштады. Ошентип, саммиттин жүрүшүндө позитивдүү нерселер жөнүндө сүйлөшүү абдан оңой болот.

Кытай чөлкөм үчүн табигый экономикалык өнөктөш экендиги чындык. Эгер Кытайдын Борбор Азиядагы акыркы 20 жылдык ишмердигине көз чаптырсаңыз, анда экономикалык каатчылыктан же пандемиядан улам төмөндөп кеткен өсүү тарыхын көрөсүз. Демек, Кытай менен Борбор Азиянын мамилеси тууралуу жакшы деп айтса болот, муну саммит учурунда да уга алабыз.

“Казакстан үчүн жерден бир нерсе таап, Кытайга сатуу гана маанилүү эмес”

- Саммит алдында Казакстандын президенти Токаев Кытайдын CCTV телеканалына маек куруп, анда өлкө Кытай менен мамилени жакшыртып, тереңдетиши керектигин айтты. Казакстан дайыма чийки зат менен камсыз кылуучу болуп келген. Кытай менен “мамилелерди тереңдетүү жана жакшыртуу” мындан ары Бээжиндин Казакстандын мунайына, металлдарына жана башка чийки заттарына кеңири колу жете тургандыгын билдиреби?

Раффаэлло Пантуччи: Менин оюмча, ал Казакстан үчүн Кытай жеткиликтүүрөөк болушу керек деген ойду айтты: чек ара аралык соода-сатыкты жеңилдетүү, казакстандык товарлардын кытай рыногуна көбүрөөк кирүүсүн колдоп-кубаттоо. Менимче, ушундай мааниде айтты.

Ал эми чийки затка келе турган болсок, бул тармакта буга чейин эле абдан бекем байланыштар түзүлгөн жана алар келечекте чыңдала турганы талашсыз. Биз уран өндүрүүнүн көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Кытайлар сатып алып, кайра иштетип, Казакстандын кайра иштетүүчү кубатын барган сайын өркүндөтүшүүдө. Менимче, Кытайдын мындан да жигердүү катышуусуна күбө болобуз, анткени Казакстан мындай нерселер үчүн жагымдуу чөйрө болуп саналат.

Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Сиань шаарындагы жолугушууда документтерди алмашып жаткан учуру. 2023-жыл, 17-май.
Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Сиань шаарындагы жолугушууда документтерди алмашып жаткан учуру. 2023-жыл, 17-май.

Бирок чындыгында, мунай, газ сыяктуу көптөгөн ресурстар ансыз деле бирөөлөрдүн колунда. Менимче, "КазМунайГаз" аларды катуу көзөмөлдөйт. Албетте, Кытай маанилүү оюнчу, бирок жалгыз эмес. Кашаган же Карашыганак – Батыш мунай компаниялары башкарган абдан чоң долбоорлор. Аларды четтетүү жана CNPCти киргизүү тууралуу сөз болгон жок.

Ырас, мамилелерди бекемдөө пайдалуу кендер менен байланышкан болушу ыктымал, бирок бул гана эмес. Токаев Казакстандын Кытайдын түбү жок керектөө рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө да аракет кылып жатат. Бул өсүп жаткан бай рынок, ага кол жеткирүүнү каалайсың, анткени ал жерден жакшы акча тапса болот. Токаев мындай эки тараптуу алмашууну алдын ала көрүп жатат деп ойлойм.

Менимче, ал кытайлык өндүрүшчүлөр Казакстанга барып, база түзүп, жумуш менен камсыздоонун жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жөнүндө ойлонушуна да кызыкдар. Демек, бул жерде маселе жерден бир нерсе таап, Кытайга сатууда гана эмес.

- Кытай менен тыгыз байланыш түзүүнүн Казакстан үчүн кандай артыкчылыктары жана тобокелдиктери бар? Өлкө ичинде да, тышкы саясатта да?

Раффаэлло Пантуччи: Бир өнөктөшкө ашыкча көз каранды болуп калуу тобокелдиги дайыма бар. Анткени ал өнөктөшкө суук тийсе, сен да ооруп каласың. Мындай тобокелдик ар дайым бар. Бирок айланасында Батыштын санкцияларына кабылган мамлекеттер улам көбөйүп жаткан азыркыдай кырдаалда мамилелерди диверсификациялоо Казакстан үчүн да жана бүтүндөй чөлкөм үчүн да көйгөйлүү болуп саналат. Бул тапшырманы кыйындатат, анткени манёвр үчүн мейкиндик тарый берет.

Батыштын Кытай жана Орусия менен тирешүүсү оожалган сайын санкциялык режим сакталбаса, санкциялык тизмеге кирген товарлар Борбор Азия аркылуу өтө берсе, Батыш өлкөлөрүнүн кыжырдануусу сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр улам барган сайын көбөйөт. Чөлкөмдө: "Жок, жок, биз бардыгы менен дос болуп, баары менен алака түзгүбүз келет" деп айтканды жакшы билишет. Азырынча, бул иштеп жатат. Бирок бир нерсе өзгөрсө, регион туңгуюкка кептелет.

Казакстан үчүн дагы бир көйгөйлүү маселе – 2022-жылдын январында өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн орусиялык күчтөрдү чакырууга аргасыз болгону. Ошондо бийлик алсыздыгын көрсөттү. Бул Казакстан үчүн чоң көйгөй деп ойлойм, анткени ал окуялар өлкөнүн чабалдыгын көрсөтүп, баарын таң калтырды. Орусиянын колдоосу менен гана чечиле турган чабалдык. Менимче, бул жерде Казакстан ойлоно турган, тынчсыздана турган нерсе бар.

- АКШ менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Казакстанга экинчи даражадагы санкциялардын коркунучу тууралуу эскертишти. Талдоочулардын баамында, Бээжин кырдаалдан пайдаланып, Батыштын кысымынан коргонуу кепилдиктерин сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу кандай ойдосуз?

Рафаэлло Пантуччи: Эгер Батыш санкцияларды киргизүүнү чечсе, Кытайдын аны алдын алууга мүмкүнчүлүгү өтө аз болот. Кытай Борбор Азияга эмне сунуш кыла алат? Аларга: "Санкциялар жөнүндө кабатыр болбогула, биз Батыштын санкция киргизишине жол бербейбиз” - деп айтабы? Кытай муну сунуш кыла албайт. Мен альтернатива жөнүндө кеп кылган кандайдыр бир риториканы элестете алам. Кытай бул теманы саммитте да көтөрүшү мүмкүн, бирок Бээжин Батыштын санкцияларына каршы иш жүзүндө эмне кыла алат, билбейм.

"Орусиянын ордуна Кытай келет деген сөз чындыкка дал келбейт"

- Былтыр сентябрда Си Цзинпин пандемиядан кийинки биринчи сапарын Казакстанга жасаганда Кытай Казакстандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин тааныйт деп билдирди. Бул сөздөр Орусияга карата айтылганбы?

Рафаэлло Пантуччи: Ал Украина тууралуу да ушундай деди. Алар бул маселеде бир нерсе кылууга аракет кылыштыбы?! Бул Кытайдын риторикасы. Алар ар дайым башкалардын эгемендигин каалайбыз жана башка деп айтышат. Бирок ошол эле маалда Орусия бир нерсе кылса, Кытай кийлигишип, аны токтотот деп ишенбейм.

Бирок Орусия бир нерсе кылат деп ойлобойм, анткени алар Бээжиндин кыжырын келтиргиси келбейт, Кытайга кыйынчылык жараткысы келбейт. Украина менен баары башкача.

- Айрым талдоочулар Украинадагы согуштан улам Орусиянын региондогу кадыр-баркы түшүп, Бээжин бул боштукту толтурууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Орусиянын таасири дагы эле күчтүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвага парадга барышы мунун далили дегендер да бар. Бул тууралуу кандай ойдосуз? Бул саммит Орусия менен Кытайдын ортосундагы саясий динамикага кандайча туура келет? Алардын региондогу таасири тууралуу пикириңиз кандай?

Рафаэлло Пантуччи: Менимче, Кытайдын Орусия түзгөн боштукту толтурганы тууралуу кеп апыртылган. Орусия акыркы бир жылда Борбор Азия мамлекеттерин өз тарабында калтыруу үчүн абдан жигердүү аракет жасады. Алдыңкы бештиктин лидерлеринин толук курамда парадга катышуусу кандайдыр бир деңгээлде Орусиянын аракети ишке ашканын ырастап турат. Москванын чөлкөмдү тескөө мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экени анык.

Орусия менен сооданын көрсөткүчтөрүн карасаңыз, алар жыл сайын өсүп жатат. Мунун айрымдары санкциялардан качуу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок кандайдыр бир деңгээлде бекем экономикалык байланыш бар экени чын. Мисалы, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга акча которуулардын агымы жылдан-жылга өсүп бараткандай. Эмгек мигранттарынын саны улам өсүүдө. Орусиянын таасири дагы эле күчтүү.

Менимче, Орусия Кытайдын чөлкөмдөгү таасири сөзсүз күчөрүн эчак эле түшүндү жана буга салыштырмалуу тынч көз карашта. Москваны капа кылып, кыжырданта турган кээ бир нерселер бар, ар кандай көйгөйлөр бар. Бирок эки тараптын бири дагы Борбор Азиядагы кырдаалдын курчушун каалабайт жана Кытай менен Орусия үчүн биргелешип Батышка каршы туруу болуп эсептелген кеңири геостратегиялык өнөктөштүккө доо кетиргиси келбей турганы ачык эле көрүнүп турат. Бул мааниде алар Борбор Азия үчүн чырдашууга кызыкдар эмес.

Мындай жагдайда көбүрөөк региондогу өлкөлөр утулат. Эгер сиздин эң чоң эки өнөктөшүңүз - Кытай менен Орусия - сиздин башыңызды аттап улам жакындашып баратса, алардын ортосунда аракет жасоо сизге кыйла кыйын болот.

Менимче, төрага Си Цзинпин Москвага барганда Борбор Азиянын борборлорунда бир топ тынчсызданышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеде биз Борбор Азияга карата саясатыбызды координациялайбыз деген сап бар.

Демек, Орусия кетип, ордуна Кытай келет деген сөз чындыкка дал келбейт. Менин божомолумда, алар жарыш иш алып барууга толук жөндөмдүү.

- Аларда таасир талаш жок дейсизби? Аларды союздаш деп эсептесе болобу?

Раффаэлло Пантуччи: Ооба, менимче, алар атаандаш эмес, алар жарыш иш алып барууга абдан ыраазы. Алар өздөрүнүн таасири эмнеде экенин түшүнүшөт деп ойлойм. Орусияны таасир этүүнүн кеңири объектилери тынчсыздандырууда. Кытай өзүн дароо кызыктырган нерсеге көбүрөөк көңүл бурат.

Эгер региондогу коопсуздук тармагындагы алака-катышты карасаңыз, Кытай кээ бир нерселерге абдан көңүл бурат. Аларды террорчулукка каршы күрөш, согушчандардын алсырашы кызыктырат. Алар кыйла кеңири туруксуздукка тынчсызданбайт. Айтайын дегеним, албетте, Бээжинди, бул түйшөлтөт, бирок жалпысынан алганда, Москва өзүн региондогу “мунаса таптыруучу” катары көрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин (ортодо), Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (солдо), Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда. Москва, 2023-жыл, 9-май.
Орусиянын президенти Владимир Путин (ортодо), Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (солдо), Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда. Москва, 2023-жыл, 9-май.

- Украинада согуш башталгандан кийин Кытай Орусияны айланып өтүп товарларын экспорттой баштады. Кытай регион аркылуу жүк ташууну көбөйтөбү? Кытай бул үчүн инфратүзүмгө инвестиция салабы?

Рафаэлло Пантуччи: Алар Кыргызстанда буга чейин эле сала башташты окшойт. Кыргызстан аркылуу Кытайды, Кыргызстанды, Өзбекстанды бириктире турган чоң темир жол боло турганы тууралуу айтып жатышат. Аны Каспий деңизине чейин узартып, Ортоңку коридордун (Кытай менен Европаны байланыштырган эл аралык транспорт жолу. – Ред.) бир бөлүгүнө айландырса жүйөлүү болмок. Мен Кытай Ортоңку коридор боюнча бул долбоорлордун айрымдарын колдоого кызыкдар деген талкууларды уктум, бирок алар абдан узак мөөнөттүү. Бул нерселер бир күндө боло бербейт.

Менин оюмча, Кытай тарап региондогу көптөгөн байланыштарды камсыз кылууга дайыма кызыкдар. Аларга Кытайдан Казакстан аркылуу Орусияга, Беларуска жана Европага кете турган бир эле жол керек деп ойлобойм. Эми бул каттам санкциялардан жана согуштан улам күмөндүү болуп жатат.

Демек, Кытайда да Ортоңку коридорду кеңейтүү аракети жөнүндө көбүрөөк ойлошот деген пикирдемин.

- Орусия бөлүп-жарып башкарууну артык көрөөрү тууралуу пикир калыптанган. Кытай Борбор Азияда ушундай мамиле жасай алабы?

Рафаэлло Пантуччи: Менимче, муну Орусия да, Кытай да жасап жатат. Алардын Европага болгон мамилесин эле карап көрүңүз. Бирок Кытай үчүн Борбор Азиянын айырмасы, алар бул мамилени көзөмөлдөп турганын сезишет. Бирок Кытай Борбор Азия караганда, Борбор Азия Кытайга көбүрөөк муктаж.

Бул кандайдыр бир мааниде бул чындык. Чек арадан ары-бери өтүп турган соода-сатык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү, бирок Кытай үчүн жалпы негизде анчалык деле зарыл эмес. Көп жагынан Кытайдын абалы алда канча күчтүү. Бул аларга талкууларда дайыма артыкчылыкка ээ болууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Алар бөлүп-жарып башкарууну зарыл деп эсептейби-жокпу билбейм. Бирок алар бул ыкманы дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө колдонушат. Андыктан аны жокко чыгарууга болбойт.

- Талдоочулар Орусияны мындан ары региондун коопсуздугунун кепили катары кароого болбойт дешет. Эгер чөлкөм чындап эле коопсуздук жаатында ага таяна албаса, анда бул боштукту толтура турган башка оюнчулар барбы?

Рафаэлло Пантуччи: Мен Кытайдын бул контекстте өз күчтөрүн жайгаштыруу каалоосун көрбөй турам. Мен Бээжин эмне болорун көрө жатарбыз деген саясатты карманат деп ойлойм. Алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын, улуттук элчилигин, ири компанияларын коргоп, зарыл учурда аларды эвакуациялоо үчүн кам көрүшөт. Бирок алар кырдаалды турукташтыруу үчүн Элдик боштондук аскерин жайгаштырат деп ойлобойм.

Кыйынчылык жаралса жана башаламандык болсо, Орусия кийлигишүүгө айкын талапкер. Ошондой эле Батыш бир нерсе кылат деп эсептебейм. Бул белгилүү бир шарттарда мүмкүн эмес, менимче, дагы эле Орусия аралашат.

Бирок маселенин экинчи жагы да бар: регионго эмне үчүн дагы эле тышкы коопсуздук кепилдиги керек? Бул өлкөлөр “балдар” эмес. Демек, кайсы бир мааниде чоң көйгөй – бул өлкөлөрдүн ичиндеги институттардын жарамсыздыгы. Жооп тышкы кепилдиктерди издөөдө эмес, мына ушул жерде жатат.

Борбор Азиянын Бээжин менен мамилеси кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:59 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG