Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Түркия: оппозиция утса, Борбор Азияга мамиле өзгөрөбү?


Түркиянын президенти Эрдогандын жана анын атаандышы Кемал Кылычдароглу, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун портрети. 12-май, 2023-жыл. Стамбул.
Түркиянын президенти Эрдогандын жана анын атаандышы Кемал Кылычдароглу, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун портрети. 12-май, 2023-жыл. Стамбул.

Түркияда 14-майда президент жана парламентти шайлашат. Азыркы 20 жылдан ашуун бийликте турган мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган атаандашы Кемал Кылычдароглуга утулушу мүмкүн экени айтылууда. Түркиядагы атаандаштык күч шайлоо процесси жана анын жыйынтыгы Борбор Азияга кандай таасир этет? Оппозиция жеңсе, аймактагы түрк тилдүү өлкөлөргө мамиле өзгөрөбү?

Түндүк Кипрдеги Жакынкы Чыгыш университетинин политология кафедрасынын доценти Асел Тутумлу “Азаттыктын” казак кызматынын ушул суроолоруна жооп бермекчи.

- Эрдоган пантүркизм идеясын алдыга жылдырып, Борбор Азия менен жакындашып келген. Эгер Кылычдароглу жеңе турган болсо Түркиянын чөлкөмгө мамилеси өзгөрөбү?

Асел Тутумлу: Баары Тышкы иштер министрлигинин кимге тийгенине жараша болот. Алты партиядан турган оппозициялык коалиция портфелдерди бөлүштүргөн, биз финансы жана ички иштер министри ким болорун алдын ала билебиз. Эгер тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу болсо, мурдагы тажрыйбалары көрсөткөндөй ал Борбор Азияда панисламизм, пантүркизм идеясын улантышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө биз панисламизм жана пантүркизм идеясы элди эмес, режимдерди колдоп жатканын көрүп турабыз. Бардык программалар жогорку даражалуу аткаминерлерди чогултуп, ачылыш аземдерди, бийик деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө багытталган. Бирок ушундай идеянын баары адатта элди эмес, элитаны колдоо үчүн жасалат.

Эгер бийликке Кылычдароглу келсе, фокус режимдерге эмес, элге багытталат. Биз көбүрөөк мектептерди, ооруканаларды, маданий маанайдагы демилгелерди, мектеп жана университеттеги алмашуу программаларын көрө баштайбыз. Фокус элге оогондо мамлекеттик аппараттар азыраак аралаша баштайт.

Бирок Кылычдароглу башында эле неооттомандык идеяга көңүл буруп, Батышка, Европа Биримдигине ыктап, Эрдоганга өзүн бийик сезүүгө жардам берген айрым долбоорлордон кетүү керектигин жарыялаган.

Күтүлгөндөй эле Түркия Орусияны изоляцияда кармоодо күчтүү позицияда турушу мүмкүн. Азыр реэкспорт кылууда колдоо көрсөтүп жатпайбы. Жакынкы убакка чейин эле орусиялык “Мир” карточкаларын тейлеп келди. Орусиянын элине, путиндик кызыкчылыктарга колдоо болуп жатат. Кылычдароглу баарын легалдуу жасоо керектигин айтып келет. Анын бийликке келиши менен Түркия НАТОго мүчө жана Евробиримдикке жакын экенин көрсөтүү үчүн эрежеге баш ийүүгө өтүшү мүмкүн.

- Батыш эксперттери Орусия Украинадагы согушка алаксып жатканда Түркия Борбор Азиядагы салмактуу оюнчу болууга аракет кылып жатканын жазган. Оппозиция жеңсе, Түркиянын чөлкөмдөгү ролу алмашабы?

- Түркия Борбор Азияга экономикалык долбоорлорго басым кылат. Өз аймагы аркылуу Борбор Азиядан Европага энероресурстарды көбүрөөк өткөрүүгө аракет кылат. Бирок борбор азиялык режимдер буга кызыкдарбы деген суроо туулат, анткени алардын Орусия жана Кытай менен кызматташтык деген кызыкчылыгы, Кытайга эноргоресурсту жетиштүү өлчөмдө экспорттоо сыяктуу милдеттемелери бар. Бул режимдер Кытай жана Орусиядан жүккө байланыштуу көз карандылыктан кутула алабы, ошону караш керек. Казакстан үчүн бул Түркмөнстанга караганда маанилүү. Бирок бул планда чоң өзгөрүү болорун көрбөй турам.

- Эрдогандын жеңилиши Орусиянын президенти Владимир Путин үчүн сокку болобу?

- Өтө чоң сокку болбошу ыктымал. Түркия баары бир кызматташтыкка кызыкдар болот. Давутоглу Түркия Орусиядан таптакыр кол үзө албасын айткан. Анкара туристтердин агымын күтүп, экономикалык пайданы издей берет, бирок орусиялыктар менен путиндик кызыкчылыкты так бөлүп карайт.

Кылычдароглу бийликке келсе, Путинге оор болушу толук мүмкүн. Бирок мен Түркия орусиялык режимдин табытынын капкагына урулчу мык болот деп ойлобойм. Путин азыр Кытай жана Иран менен кызматташууга аракет кылууда, бул өлкөлөр ага орусиялык экономиканын чөгүп кетпей калкып турушуна жана диверсификация болушуна жардам берүүдө.

- Эгер Эрдоган утулса, бул Борбор Азиянын бардык ыкма менен бийликти колдон чыгаргысы келбеген лидерлерине кандай таасир этет?

- Алар катачылыктардын үстүнөн иштеп, мындай сценарийди кайталабашка аракет кылат. Бирок Түркия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн айырмасын көрө билүү керек. Түркияда режим салыштырмалуу авторитардык, шайлоолор чечүүчү күчкө ээ. Борбор Азиядагы шайлоолордо баары көзөмөлдө, оппозиция шайлоо жыйынтыгына таасир этет деп айта албайбыз. Менимче, Борбор Азия лидерлери мындан ары электоратка көзөмөлдү күчөтөт, ЖМКга басымды уланта берет. Дал ушул эки нерсе азыр Эрдоганга тоскоол болууда: кандайдыр бир алкактар, элдин көңүлүн бурган жана ээрчите алган институттар жана оппозиция бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG