Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Түркия: сурамжылоо Эрдоган атаандашынан 5% артта экенин көрсөттү


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана анын шайлоодогу башкы атаандашы Кемал Кылычдароглу.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана анын шайлоодогу башкы атаандашы Кемал Кылычдароглу.

Түркиядагы Кonda изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоо президент Режеп Тайып Эрдоган башкы атаандашы Кемал Кылычдароглудан беш пайыз артта экенин көрсөттү. Ага ылайык, Эрдоганды сурамжылоого катышкандардын 43,7%, Кылычдароглуну 49,3% колдогон. Эгер ушул жекшемби (14-майда) өтө турган шайлоодо экөө тең 50% көп добуш ала албаса, экинчи айлампага чыгышы мүмкүн.

Талдоочулардын пикиринде, башкаруучу АК партиясынын (Adalet ve Kalkınma Partisi) жана анын лидеринин позициясы экономикалык абал,​инфляция жана зилзаладан улам кыйла бошоңдоду.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, 27-апрелден баштап 73 өлкөдө элчилик, консулдуктардын имараттарында жана айрым чек ара бекеттеринде, аэрпорттордо шайлоо тилкелери ачылган. 8-майда бул тилкелерде бир жарым миллиондой шайлоочу добуш бергени кабарланды.

Кыргызстанда жашаган түркиялыктар да 5-6-7-май күндөрү шайлоого добуш беришти. "ТРТ Аваз" телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG