Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

"Улам өзгөртүү акылдуулук эмес". Баш мыйзам кайрадан талкууда


Конституцияны өзгөртүү демилгеси талкууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

Конституцияны өзгөртүү демилгеси талкууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев зарылчылык болсо Конституция дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы жана анын айланасында талкуу жүрүп жаткан маалда айтты.

“Зарыл болсо Конституция өзгөртүлөт”

Кыргызстанда Конституциянын айланасында дагы бир кризистик кырдаал түзүлдү. Ал Баш мыйзамдагы “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренеден башталып, Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуш пикирлерге чейин жетти.

Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгына байланыштуу жыйында парламент спикери Нурланбек Шакиев зарылчылык болсо, Конституцияга өзгөртүү киргизилиши ыктымал экенин жокко чыгарган жок.

“Учурдун талабы болсо дагы өзгөртүлүшү мүмкүн. Муну да четке какканга болбойт. “Жаман мыйзамды жакшы башкаруучулар жакшы иштетсе болот. Жакшы мыйзамды жаман башкаруучулар бузуп иштетсе болот” деген сөз бар. Биз бардыгын Баш мыйзамга шылтабай бардык жетекчилер өз мезгилинде өз абийирибиз менен адилеттикке, акыйкаттыкка баш ийип иштесек Конституцияда айып жок деп ойлойм”.

Баш мыйзамды өзгөртүү чакырыгы

10-майдагы Жогорку Кеңеш “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун четке какты. Фракция Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп так жазылганын, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген сунуш берген. Аны тармактык комитет да, парламент да колдогон жок.

Конституциялык сот 19-апрелде социалдык төлөмдөр боюнча беренени өкмөттүн сунушу менен талкуулап, Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганын, “ал максат гана болгон” деп чечмелеп берген.

Баш мыйзамдагы негизги беренелердин бири тууралуу бул түшүндүрмө кайчы пикирлерге жол ачып андан чыгуу жолу талкууланууда. Биринчиси - пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумуна теңеп 7500 сомго чейин көтөрүү же референдум өткөрүп, Баш мыйзамдагы сөз болуп жаткан беренени өзгөртүү. Депутаттар мамлекеттин бюджетинин чама-чаркын эске алып экинчи вариантын сунуштап жатышат.

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

“Биздин Баш мыйзам популисттик чакырыктар, алешемдик, шашылыш менен жазылып калганы “сокурга көз бүткөндөй” эле көрүнүп калган. Балээнин баары ушул жерден чыгып атканын ачык айтышыбыз керек. Азыр Баш мыйзамдан аттап да кетүүдөбүз. Аны тебелеп-тепсеп ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип атабыз. Ошондуктан биз Конституцияны кайра редакциялап карап чыкпасак болбойт. Бул башы эле. Ушул Баш мыйзам менен кете берсек алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар. Конституцияны оңдоп-түзөө иштерин бүгүн башташ керек”, - деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Депутат иштеп жаткан Конституция биринчи кыргыз тилинде жазылып андан кийин орус тилине которулганы айтылганы менен Баш мыйзамдагы кыргызча сөздөрдө толгон-токой ката барын, аларды да оңдоо керектигин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин парламентте социалдык төлөмдөрдүн Баш мыйзамда жазылгандай жашоо минимумуна жетпей жатканын экономиканын абалы менен түшүндүргөн.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында мындай деди:

“Эми эмне кылышыбыз керек? Мыйзам менен жашайлы, Конституцияны кыйшаюусуз аткаралы же кожоюн өзү билет деген бир берене менен кете берели. Башка жолу жок. Мыйзам бир аз бузулуп калбайт. Бузулса, биротоло бузулат. Отуруп сүйлөшүү керек. Бардык маселе акылдашуу менен чечилет. Баш мыйзамыбызды кайрадан карап чыгып, бар же жок деп жазалы. Мыйзамдын талабы башка жашоо башкача болуп кете берсе болбойт. Биз бейбаш өлкөгө айланып кеттик”.

Он электен өткөн Конституция

Кыргызстандын тарыхында Конституция 10 ирет өзгөртүлгөн.

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы боюнча жыйында Кыргызстанда мыйзамсыздык болуп жатканын билдирди.

“Дайыма келген кишинин Конституциясы “эң мыкты, эң керемет, кынтыксыз, катасы жок” деп көкөлөтүп келдик. Кайсы Конституция боюнча референдум болгондо “туура эмес болду” деп айттык. Шатыра-шатман кол чаап “керемет эле керемет, жашоо ордунда турбайт жашоо ордунда турбайт. Бүгүнкү киргизген өзгөртүүңүз накта элдин каалоосу болду” деп ушул күнгө келдик. Кеп Конституцияда эмес. Кеп коомдо жана коомду башкарган бийликте. Бүгүн айтам мына бул “кызыл китеп” (ред: Конституция) сакталбайт. Бир да нормасы сакталбайт. “Кыргыз Республикасынын жарандары туулгандан баштап эркин жана өз пикирин, талабын ээн-эркин жыйын өткөрүп айта алат” дейт. Азыр жыйын өткөрүп көргүлөчү... “Горький паркында гана жыйын өткөргүлө” дейт. Кайсы эркиндикти айтып атабыз”.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Баш мыйзамды кайра-кайра өзгөртө берүү жакшы тажрыйба эмес экенине токтолду.

“Конституцияны 10 жолу өзгөртүү акылдуулук эмес. “Мезгил ушуну талап кылган” деген да ката. Биз көп учурда бир адамдын, бир топтун кызыкчылыгы үчүн өзгөртүп келдик. Жаш депутаттар арасында “Конституцияны өзгөртөлү” деген сөздөр да чыгып атат. Айланайындар, анын кереги жок. Бир эле берене үчүн Баш мыйзамды өзгөртөлү деген туура эмес. Шашпай тургула. Мезгил чындап эле ушундай талап коё турган болсо аны келечек көрсөтөт”.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды биринчи жолу 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлүп, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Конституция кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлдү. Алардын баары тең өлкө башчынын укуругун узартты.

2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрттү. Алгач оппозициянын талабы менен 2006-жылы референдум болгон. Бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланып, Бакиев өз бийлигин бекемдеген.

2010-жылы Апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам “2020-жылга чейин өзгөртүлбөй” тургандыгы белгиленген. Ага карабай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

2020-жылы Октябрь окуясынын кийин келген бийлик да Конституцияны түп-тамырынан алмаштырды. 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG