Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

"Парламент - өзү курултай". Курултайчылардын укугу кыскарды


Бишкекте өткөн курултай, 25-ноябрь, 2023-жыл.
Бишкекте өткөн курултай, 25-ноябрь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алды.

Документ буга чейин парламенттин тармактык комитетинде жана жалпы жыйынында колдоо тапкан эмес. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңеште жумушчу топ түзүлүп, Элдик курултайдын бир топ ыйгарым укуктары азайганы айтылды. Бир жылдан бери кабыл алынбай келаткан долбоор тууралуу сөз кылабыз.

Жумушчу топтун сунушу

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинде экинчи окууда талкууланып, сессияга чыгарылат.

Жогорку Кеңеште мындан ары “Элдик курултай жөнүндөгү” документти кайра иштеп чыккан жумушчу топтун долбоору каралат. Ал топтун башчысы, депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору президенттин администрациясы сунуштаган баштапкы вариантынан бир топ өзгөртүлүп, 22 берене 15ке чейин азайтылганын билдирди.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

“Баш мыйзамда Элдик курултайды өткөрүү талабы жазылып калган. Бирок алардын “жергиликтүү курултайларды өткөрөбүз, жергиликтүү бийликтин бюджетин карайбыз, аларга ишеним көрсөтпөө тууралуу ыйгарым укуктарыбыз болот” деген сунуштарына ушул жердеги депутаттардын дээрлик баары каршы болгон. Жумушчу топ ушул жерде айтылган сунуштардын баарын карады. Долбоордо “жергиликтүү курултайларды өткөрөбүз, жергиликтүү бийликтин бюджетин карайбыз, аларга ишеним көрсөтпөө тууралуу ыйгарым укуктарыбыз болот” дегенди алдык. Мындай укуктары болбойт. Элдик курултай Баш мыйзамда жазылгандай өтөт. Келип, элдин үнүн айтып, тарап кетишет. Бир жолу шайланат, филармониядан чыккандан кийин үйүнө курултайчы болбой барат”.

Долбоордун биринчи вариантында айыл-аймактарда, райондордо, кийин шаарларда жергиликтүү курултайлар өтүп, андан шайланып келген делегаттар жалпы өлкөнүн курултайына чогулмак.

Жумушчу топ бир эле Улуттук курултай өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Мыйзам долбоорунун баштапкы вариантында Элдик курултайдын делегаттарын үч жылга чейин шайлоо, аларга жергиликтүү бийликти көзөмөлдөө укуктарын берүү боюнча сунуштар бар болчу. Бул да алынды. Андан тышкары делегаттардын саны 1070ден 700гө чейин азайтылат.

Депутаттарга жакпаган долбоор

Президенттин администрациясы иштеп чыккан “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору 2022-жылы май айында парламенттин тармактык комитетине киргизилген. Депутаттар курултайдын ыйгарым укуктары көп экенин, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин кийлигише турганын сынга алып, документти караган эмес.

Долбоор быйыл 15-мартта жалпы жыйынга биринчи окууга киргизилип, парламент бир топ талаш-талкуудан кийин долбоорду ушундай эле жүйө менен күн тартибинен алып салган. Ошол эле күнү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн депутаттар, курултай институтун колдогондор кирген жумушчу топ түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Элдик курултайдын укуктары акыркы долбоордо деле көп экенин айтып, бул орган кереги жок экенин билдирди.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Курултай өзүнө “улуттук маданиятты өнүктүрүү” деген милдетти алып атат. Курултайдын делегаттары маданиятты кантип өнүктүрөсүңөр? Маданият министрлиги эмне кылат анда? “Экономикалык долбоорлорду кабыл алабыз” деп жазып алыптырсыңар. Аким менен айыл өкмөт башчы “эшек такалап” жүрөбү? Бул бири-бирине каршы келет. Жөн эле бийлик талашмай, ызылдашмай, саясат... Кыргыздар иштейбизби же ушинтип жүрө беребизби? Менин сунушум: Элдик курултай эки жылда бир жолу чогулсун. Эч кандай бюджети кабыл алынбасын. Келип, каалаган чиновнигин мактап кете беришсин”.

Ошентип, “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору бир жылдан бери ордунан жылбай турат. Курултай институту 2021-жылы 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Баш мыйзамда “Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын” деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. Ошондой эле мыйзам демилге кылуу укугу бар. Аны уюштуруу жана ишмердиги мыйзам менен аныкталат.

“Элдик курултай жөнүндө Конституциянын беш беренесинде айтылат. Мыйзам андан кем да эмес, ашык да эмес жазылышы керек. Жашоо-турмуш бир жерде турбайт. Бул институт азыр коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын катары деле өзүн көрсөтсө болот. Азыр курултайда мыйзам демилге кылуу, Сотторду тандоо кеңешине өкүлүн жөнөтүү, жогорку кызматтагы адамдардын кызматына татыктуу же татыксыз экени тууралуу сунуш берүү укуктары бар”, - деди Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев.

Элдик курултайдын биринчи жыйыны. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Элдик курултайдын биринчи жыйыны. 25-ноябрь, 2022-жыл.

“Парламент – өзү эле курултай”

Курултайдын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-сентябрына чейин эле кабыл алынып, былтыр биринчи жыйыны өтмөк. Бирок документ парламенттен эми гана биринчи окуудан өттү. Буга байланыштуу Элдик курултайдын биринчи жыйыны былтыр ноябрь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен уюштурулган.

Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышып, көбүнчө мектеп, бала бакча куруу, суу, жол сыяктуу социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөн. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин сөзүнө караганда, анда 3700гө жакын сунуш түшкөн. Ушул тапта анын 60% аткарылды. Бирок ал кайсы иштер аткарылып, маселелер чечилгени тууралуу 10-майда депутаттардын суроолоруна так жооп бере алган жок. Жалпылап жерлерди мыйзамдаштыруу, мектептерди куруу иштери тууралуу айтып берди.

Элдик курултай өлкөдө башынан эле талаштуу институт. Эки жыл мурда кабыл алынган Конституция талкууланып жатканда да аны киргизүү зарылчылыгы жана ага каршы тургандар бир топ кайым айтышкан. Курултай тууралуу депутат Тазабек Икрамов мындай деди:

“Парламент – өзү эле курултай. Ар бир райондон шайланып келген депутаттар ушул жерде отурат. Аксакал, көксакалдар тааныш-билиш аркылуу курултайга делегат болуп келип эмнени чечесиздер? Курултайдын катышуучулары жылына бир жолу президент менен жолугуп, ошол жерде маселени айтып алып тарап кетиши керек. 15 берене да көп бул мыйзам долбооруна. Бюджетте акча жок кезде жөн эле акчаны кетирип, топтоп, автобус менен ташып, чай берип эмне кереги бар?”.

Курултай демилгесин колдогондор 2020-жылы Конституциянын долбоору даярдалып баштаганда Элдик курултай жыл сайын президенттен отчёт алышы керек деген демилгени көтөрүшкөн. Эгерде ал колдоо тапса, өлкө башчынын иши курултайдын жыйынында канааттандырылбаса, жумуштан кетмек. Бирок ал жумшартылып отуруп, Элдик курултай кеңеш берүүчү институт болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG