Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Демократия баалуулуктары: Акыйкатчынын адам укуктарын коргоодогу ролу 


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

27-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент тууралуу комитети Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун карап, аны жактырды. Эми маселе парламенттин кезектеги жыйынында каралып, добушка коюлат. Ушундан кийин коомчулукта акыйкатчынын орду, анын көз карансыздыгы боюнча талкуулар кызыды. Эмне себептен Кыргызстанда бул маанилүү институттун жетекчилери тез-тез алмашат? Акыйкатчынын ролу эмнеде?

Кубат Оторбаевдин “Демократия баалуулуктары” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы адам укуктары менен демократиянын күзөтүндө турган акыйкатчынын ролуна арналды.

“Ата-Журт Кыргызстанга” жакпаган Абдрахматова

19-апрелде Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованын жылдык баяндамасын караган. Анда адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктери тууралуу сөз козголгон. Депутаттардын көңүлү сөз эркиндиги, саясий укуктар, аялдар менен балдарга жасалган зомбулук, мигранттардын, чет өлкөдөн Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктарына бурулду.

“Азыркы убакта өз пикирин ачык билдирип, мамлекеттик органдарды сындаганы үчүн журналисттерге, активисттерге, блогерлерге жана социалдык тармактын колдонуучуларына укук коргоо органдары тарабынан ашыкча чектөө жана таасир этүү чаралары колдонулган учурлар көп”, - деди Атыр Абдрахматова.

Адатта жылдык докладын жасап бүткөн соң акыйкатчыга депутаттардан суроо берилет. Бул ирет депутат Кундузбек Сулайманов парламент төрагасына кайрылып, суроо-жооп эмес, дароо чечим кабыл алуу үчүн добуш берүүгө өтүүнү сунуштады.

Аны залдагы 61 депутат колдоп, төрт киши каршы болду. Ал эми "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады.

Парламенттин мындай чечими коомчулуктун жана айрым депутаттардын сынына кабылды. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын башчысы Адахан Мадумаров парламенттин мындай чечимин сындап, "эркин иштеп жаткан Абдрахматованын ордуна бийлик өзүнө ыңгайлуу адамды дайындоону көздөп жатат" деген пикирин айтты.

Акыйкатчы – адам укуктары менен демократиянын тирөөчү

Демократиялык коомдо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу өтө мааниге ээ. Адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөлдү жүзөгө ашыра турган мамлекеттик орган бул - Акыйкатчынын кеңсеси. Анын ишмердиги мамлекеттик, өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан бузулган адам укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган. Адамдар негизинен мамлеттик органдардын зордук-зомбулугу, мыйзамсыз иштеринен, кайдыгерлигинен, кыйноосунан жапа чегишет. Кыргызстанда жарандар көбүнчө соттон, милициядан, тергөөчүлөрдөн кордук көргөнүнө даттанышат.

Омбудсмен же Акыйкатчы институту алгач Англияда пайда болгон. Анын келип чыгуу тарыхы эзилген адамдардын көз жашын сүртө турган тараптын зарылдыгынан келип чыккан. Мамлекеттик органдар жарандарды кыйнап эзгенде мыйзам иштеш керек болгон, ага болсо көзөмөл кыла турган орган бул негизинен прокуратура, бирок, авторитардык өлкөлөрдө ошол эле прокуратура да адамдын убалына калган жагдайлар көп. Ушундай учурда акыйкатчы жардамга келиши зарыл.

“Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Дүйнөдө омбудсмендердин макамы жана укук-милдеттери ошол мамлекеттердин саясий системасына жана максаттарына жараша чечилген. Бир өлкөдө акыйкатчы чоң укуктарга ээ, бирөөсүндө формалдуу иштейт. Мисалы, Сауд Арабиясынын акыйкатчысы соттун чыгарган айрым чечимдерин мыйзамсыз деп таба алат.

Кыргызстандын мыйзамынын кабыл алуу тарыхын жана анын маанисин тунгуч акыйкатчы, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу эскерди:

“2001-жылы мыйзам жазыла баштады, анткени ЕККУ талап кылды. Төрт- беш вариант сунушталып, менин вариантым өткөн, себеби дүйнө мамлекеттеринин мыйзамдарынын эң жакшы жактарын алганбыз. Ошол мыйзам боюнча Акыйкатчы жыл сайын адамдардын акывалы боюнча Жогорку Кеңешке докладын берет. Ошонун негизинде парламент баштап калган мамлекеттик органдар иштеши керек. Парламент гана докладга баа бере алат, бирок, президент дагы, өкмөт дагы, УКМК дагы, башка мамлекеттик органдардын бири дагы акыйкатчынын ишине кийлигише албайт”.

Акыйкатчыга чалма: мыйзамдагы өксүк

Мындан туура 30 жыл мурда - 1993-жылы май айында Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарга коюлуучу талаптарды кабыл алган. Ал дүйнөгө “Париж принциптери” деген ат менен таанылган. Ага ылайык ар кайсы мамлекеттердин омбудсмен институттарына ар кандай макамдар берилет. Эң жогорку макам - “А” макамы.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” мыйзам “Б” макамына туура келет, анткени саясатчылар мыйзамга “эгер акыйкатчынын жылдык доклады депутаттар тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, ал кызматтан кетиши керек” деген норманы киргизип коюшкан. Мына ушул норманы алып салуу бир топтон бери айтылып, көтөрүлүп келет. Ал норма Акыйкатчы институтун бийликке көз каранды кылып жатат деген пикирде мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун:

“Акыйкатчы институтун күчтөө үчүн мыйзамдагы 7-беренени алып салыш керек. Анда “эгер акыйкатчынын доклады канааттандырарлык болсо ишин улантат, канааттандырарлык болбосо кызматынан кетет” деген норма бар. Муну акыйкатчыны көз каранды кылыш үчүн атайын ойлоп таап, кийин мыйзамга киргизип коюшкан. Бардык ушуга чейин иштеген акыйкатчылар ушул норманын аркасы менен кетишти. Мына эми жакшынакай иштеп жаткан Атыр Абдрахматованы дагы ушунун негизинде кызматтан кетирүү алдында турушат”.

Ошентип Кыргызстанда мыйзамдагы башкы укук коргоочуну бийликке көз каранды кылып келаткан норманы алып салуу маселеси дагы бир ирет күн тартибине чыкты. Бул норманы мыйзамдан алып салуу керектигин Турсунбай Бакир уулу да колдоду:

“Мыйзамды алгачкы абалына алып келиш керек. Кийинки киргизилген өзгөртүү-толуктоолордун баарын жокко чыгарыш - мезгил талабы. Анткени ал нормаларды адистер эмес, кесипкөйлөр эмес, саясатчылар киргизген. Ошондуктан бул норма ашыкча, ал омбудсменди алсыз кылат.”

Атыр Абдрахматова буга чейин “Кемпир-Абад иши” боюнча камалгандардын укуктары, алардын абалы боюнча билдирүүлөрдү таратып келген. Турсунбек Акун Абдрахматованын дал ушундай кадамдары бийликке жакпай калган болуш керек деген пикирде:

“Кемпир-Абад боюнча камалгандарды туура эмес камалды деп ачык айтып жатты. Бийликтин камчысын чаппады. Канча кемчилик кетирсе дагы, эми кемчиликтери болду, бирок, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бүт аракеттерди көрүп, иштеди. Айрыкча, Кемпир-Абад иши боюнча айтып турду”.

Ал эми Турсунбек Акундан айырмаланып Турсунбай Бакир уулу Атыр Абдрахматова бул кызматта өзүн көргөзө алган жок, себеби акыйкатчы - бул мамлекеттик жогорку кызмат орду, деген пикирде:

“Атыр Абдрахматова – бейөкмөт уюмдар тармагынын өкүлү. Ал грант менен иштеп көнүп калган. Грант менен иштеген адам эч качан мамлекеттик кызматта иштей албайт, себеби ал жерде акча тартыш. Мисалы, мен иштеген маалда жылдык бюджети болгону 4 млн. сом болчу. Ошондуктан акыйкатчылыкка бейөкмөт уюмдардан эч кимди шайлап, дайындабаш керек”.

"Хьюман Райтч Уотч" уюуму, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык уюмдар Атыр Абдрахматованын жылдык докладын жана анын ишин жогору баалап, акыйкатчы өз ордунда калышы керек деген билдирүү таратты.

Атыр Абдрахматова 2022-жылы мартта Жогорку Кеңеште шайланган. Ал буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясында, КТРКда иштеген. Жогорку Кеңеште докладын жактап жатканда ага каршы болгон Акыйкатчы аппаратынын айрым кызматкерлери нааразычылык акциясына чыкты.

Атыр Абдрахматова Кыргызстан тарыхындагы алтынчы акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулу 2002-жылдын ноябрында биринчи акыйкатчы болуп шайланган. Андан кийин бул кызматта Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов иштеген.

2018-жылы Бизнес-акыйкатчы институту негизделген. Анын максаты ишкердик субъектилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. 2019-жылы Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит өлкөнүн биринчи бизнес-акыйкатчысы болуп шайланган. Ал оорудан өткөн жылы күзүндө каза болгон, андан бери бул кызмат ордуна шайлоо боло элек.

Демократиянын белгилери, негиздери жана шарттары

  • Бийлик булагы – эл (шайлоо жана шайлануу укугу);
  • Адам укуктары (сөз эркиндиги, жарандык коом, экономикалык-социалдык укуктар);
  • Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу - күчтүү парламент, көз карандысыз сот (институттар: Конституциялык сот, Акыйкатчы институту);
  • Бийликтин отчёттуулугу (мамлекеттик чиновниктердин, о.э. бюджеттин ачыктыгы);
  • Коррупцияга каршы текши күрөш;
  • Элдин билим деңгээлинин жогорулугу;
  • Мыйзам үстөмдүгү;
  • Саясий плюрализм (оппозициянын тоскоолдуксуз ишмердиги);
  • Көпчүлүктүн башкаруусу, азчылыктын пикири;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG