Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Акыйкатчы адам укугун коргоо иштерин сынга алды


Бишкектин Ала-Тоо аянты. Архив сүрөт.
Бишкектин Ала-Тоо аянты. Архив сүрөт.

Акыйкатчы институту өлкөдө адам укугун коргоодогу көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарын, жарандык коомдун өкүлдөрүн тегерек үстөлгө чогултту.

Адам укугу жана сандар

Омбудсмен Атыр Абдрахматованын пикиринде өлкөдө айрыкча балдар, аялдарга карата зордук-зомбулук күч алып, адам укугун коргоо жаатында мамлекеттик органдар жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатат.

Акыйкатчы 10-июндагы жыйында апасын коргойм деп чоочун кишиге бычак урган 16 жаштагы баланын камалганын, Сузактагы окуучу кыздын мектепте сабалганын, Бишкекте окуучунун бассейнде чөгүп кеткенин жана Марат Казакпаевдин абакта жатып, ооруканага түшүп калганын мисалга тартып, мындай иштер массалык маалымат каражаттарында резонс жаралганда гана реакция болуп жатканын сындады.

Абдрахматова адам укугу жаатындагы сандарга токтолду.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

“Адам укуктары боюнча эл аралык индекс Кыргызстанга 1311 сунуш берсе, алардын көпчүлүгү аткарылган эмес. Балдардын бакубаттуулугу жана өнүгүү шарттарынын көрсөткүчүндө Кыргызстан 96-орунда турат. Мыйзам үстөмдүгүнүн индексинде Кыргызстан 99-орунда турат. Бул 139 өлкө кирген эл аралык индекс. Гендердик теңсиздик боюнча Кыргызстан 83-орунда. Жарандык эркиндик боюнча 206 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 156-орунда турат. Көрүп тургандай эл аралык рейтинг боюнча Кыргызстандын абалы жакшы эмес”, - деди Абдрахматова.

Мындан сырткары Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктарынын сакталышы жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 3237 адамдын 18% “Кыргызстанда адам укуктары сакталарына ишенебиз” деп жооп берген. 40% “адам укугу сакталышы мүмкүн” деп эсептешет. 13% “адам укугу сакталбайт” деп жооп берсе, 29% “адам укугу жетишерлик сакталбай жатат” деген пикирде болгон.

Акыйкатчы институту мамлекеттик органдардын адам укугу боюнча сунуштардын аткарылышын көрсөткөн жаңы изилдөө ыкмасын иштеп чыгууда. Анын биринчи баскычында негизги көйгөй катары мамлекетти органдарда токтомдордун аткарылбаганы жана көзөмөлгө алынбаганы, мамлекеттик айрым кызматкерлердин адам укугу жөнүндө маалымат билбегени, сунуштарды этибарга албаганы белгиленди.

Адам укугу жана бейөкмөт уюмдар

Жыйында укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бийлик Омбудсмен институтун мамлекетте негизги органдардын бирине айлантууга аракет кылышы керек экенин белгиледи. Ал адам укуктарын коргоодо Кыргызстан жаңы чакырыктарга даяр болушу керек деди.

“30 жылдан бери укук коргоочуларды сындай бергендер бар. Менин деле жашым ортолоп калды. Укук коргоочуларды сындагандар азыр түрмөдө өздөрү отурат. Сындарга көнүп калганбыз, биз үчүн адам укуктарын коргоо маанилүү. Азыр жаңы чакырыктарга туш болдук. "Талибан" күчөп турат. Кечээ парламентте кыздардын сыртка чыгарбайлы деген сунуш айтылды. Талибанга же Түркмөнстанга баратабызбы? Муну мамлекеттик органдар ойлонушу керек”, - деди укук коргоочу.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда адам укугун сактоо азыркы бийликтин бирден-бир максаты экенин билдирди. Ошону менен бирге Байсалов Кыргызстан адам укугу багытында эл аралык уюмдардын мүчөсү экенин белгилеп, отчет берүүчү эмес алар менен бирге байкоочу экенин айтты.

“Бир нерсе айтып коюшум керек. Бул жерде эл аралык өнөктөштөрүбүз дагы отурат. Урматтуу мекендештер туура түшүнүшүбүз керек, биз мыйзамдуу өлкөбүз. Биз бирөөлөргө отчет берип, бирөөлөргө окшошкубуз келбейт. Бул такыр туура эмес”, - деди Байсалов.

Атыр Абдрахматова жана Эдил Байсалов.
Атыр Абдрахматова жана Эдил Байсалов.

Талкууда Байсаловдун дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде кырсык болорун белгилеп, Омбудсмен институтун, укук коргоочуларды бир окуяны чуу кылбастан, адам укугун коргоодо системалуу иш алып баруу чакырыгы айрым укук коргоочулардын сынына кабылды. Байсалов укук коргоочу Назгул Турдубекова менен бир окуяны талкуулап жатып, укук коргоону жазага тартууну гана талап кылган топко айлантпоого чакырган.

"Система иштебей жатат"

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Байсаловго жооп берип жатып, ар бир кырсык делген окуялар тыкыр текшерилбей калгандыктан система иштебей жатат деди.

“Система деген эмне? Система ар бир окуядан пайда болот. Тилекке каршы, балдардын коопсуздугу жана укуктары биздин негизги көйгөй болуп жатат. Азыркыга чейин коопсуз системаны түзө албагандыктан ушундай окуялар болууда. Зомбулук, укук бузуу, өлүм же сиз айткандай кырсык делген окуялар ачык-айкын, тыкыр иликтениши керек. Ачык жана бейтараптуулук жок болгону үчүн ал окуялар боюнча кабыл алынган чечимдер күмөн жаратууда”.

Акыйкатчынын пикирин укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова жана Назгул Турдубекова кубатташты.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова айрым учурда жөнөкөй жаран эмес, укук коргоочулардын укугу тебеленип жатканын айтып, алардын жазында тынч жыйынга чогулганы үчүн милицияга алып кеткен окуясын айтып берди.

Абдирасулова “кыйноо” боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынан алмайынча бул жаатта иш жүрбөй жатканын билдирди.

“УКМК жабык орган экен. Биздин өтүнүчтөргө жооп бербейт. УКМК ички-тышкы коопсуздук, тамак-аш, дарык дармек коопсуздугу менен алектенсин. Азыр президент үчүн дагы, прокуратура үчүн дагы УКМК жооп берип жатат. Карапайым элде “бизде ким президент” деген суроо турат. Эки адам президентпи деген ой жаралып жатат”.

Эдил Байсалов укук коргоочуга "өлкөдө Баш мыйзамдын негизинде президент Садыр Жапаров башкарып жатат" деп кыскача жооп берди.

Жыйынга катышкан Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер адам укугун коргоодо бейөкмөт уюмдардын салымын белгиледи. Ал бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдар бирге иш алып баруусу натыйжалуу болорун айтты. Жыйынга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү көзөмөл орган адам укугун коргоодо аракет жасалып жатканын билдирди.

Атыр Абдрахматова 7-июнда Жогорку Кеңеште баяндама жасап, жардам сурап кайрылгандар жылдан жылга көбөйүп жатканын билдирген. Кыргызстанда акыйкатчыга 2021-жылы 13 миңден ашуун кайрылуу болгон. 2020-жылы 9,5 миң, 2019-жылы 11 миңден ашуун арыз-даттануу түшкөн. Арыздардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG