Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Апасын коргогон өспүрүм абакка түштү


Кыргызстандагы аялдар абагы.
Кыргызстандагы аялдар абагы.

Акыйкатчы апасына болушуп, мас адамды бычактаган өспүрүмдүн камакка алынышын сындап, аны бошотууну талап кылды. Укук коргоочулар Кыргызстанда коргонуу максатында башка адамга залал келтирип, бирок кылмышкер катары айыпталгандар көптүгүн айтышууда.

Баланын укугун ИИМ, прокуратура, сот көңүл сыртында калтырганбы?

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова апасына болушуп, мас адамды бычактаган өспүрүмдү камакка алуу менен сот баланын укугун бузду деп маалымдады. Ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Ички иштер министрлигине кайрылып, 16 жаштагы А.А. аттуу баланын бөгөт чарасын карап чыгууну талап кылды.

Атыр Абдрахматова/
Атыр Абдрахматова/

"Акыйкатчынын талабы Конституциянын 20, 27-беренелерине, эл аралык Бээжин эрежесине жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин 146-беренесине негизделген. Акыйкатчы институту ички иштер органы, прокуратура, сот баланын укугу тууралуу улуттук кепилдиктерди жана жашы жете электерге карата бөгөт чарасын колдонуу боюнча БУУнун төмөнкү стандарттарын эске албай туруп, чечим кабыл алышканын белгилейт".

Атыр Абдрахматованын билдирүүсүндө жазылгандай, өспүрүмдүн апасы уулу ага болушканын, кичинекей бир туугандарынын коопсуздугу үчүн аргасыз коргонууга барганын айткан.

Акыйкатчы институтунун Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, баланын бөгөт чарасын карап чыгуу талабы ИИМге, прокуратурага жана сотко берилди.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымдагандай, 14-май күнү күндүзгү саат 16:40 чамасында Рыскулов көчөсүндө бычак жеген адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилип, операция жасалган.

Тергөө учурунда аны 2005-жылы туулган А. А. аттуу өспүрүм бычак менен сайып салганы аныкталган. Аталган бөлүмдүн басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Кылмыш ишинин алкагында иликтеп-тергөө иштери жүргүзүлүп, анда жараат алган адамды 2005-жылы туулган А. А. аттуу адам апасына болушуп, бычактаганы аныкталды. Саат 16:00 чамасында Рыскулов жана Кулиев көчөсүнүн кесилишиндеги мейманкананын администратору менен мас абалдагы А. аттуу адам уруша кеткен. Ошол учурда администратор аялдын уулу бычак алып келип, берки адамды сайып жиберген. Тергөө иштеринин натыйжасында бычак шилтеген А. А. кармалып, милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген".

Көп өтпөй Ленин райондук соту шек саналып жаткан өспүрүмдү бир айлык мөөнөткө Чүйдүн Вознесеновка айылындагы түзөтүү колониясына камоо чечимин чыгарган. Милициянын маалыматына ылайык, учурда шектүү өспүрүм ошол жакта.

Ички иштер министрлиги жана прокуратура азырынча акыйкатчынын талабына жооп бере элек.

Баланын апасы уулунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот апелляциялык арыз 1-июнда карала турганын маалымдады.

"Коргонуу беренелери иштебейт"

Укук коргоочулардын белгилөөсүндө Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексиндеги 46-берене ("Зарыл коргонуу") менен 47-берене ("Аргасыз зарылдык") көп учурда иштебейт.

Зомбулуктан коргонуу үчүн аргасыздан кол салууга баргандарга оор беренелер менен иш козголуп, жыйынтыгында соттолуп кете берерин айтышат.

"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова милицияны "туура эмес маалымат берип жатат" деп айыптап чыкты.

Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу
Назгүл Турдубекова, балдар укугун коргоочу

"Коомчулукка жеткирип коюшубуз керек, камалып кеткен баланын апасы эч кандай мейманкананын администратору эмес. Болгону алар ошол суткага берилчү мейманканага катар жашайт экен. Туугандарынын айтуусунда, мас адам мейманкананын эшигин адаштырып, булардын үйүнө киргиси келген. Кичинекей балдары менен отурган аял эшикти ачпай койсо, эшикти тепкилеп сындырып, кирип барган. Өзүнүн буюмдарын издеп, аялды бетке муштап жиберген. Кичинекей балдар коркуп ыйлаганда улуу баласы аргасыздан апасын жана бир туугандарын коргоп, мас адамга кол салган. Булардын атасы жок, улуу баласы ушинтип коргонууга аргасыз болуптур. Бычак жеген адамдын абалы канааттандырарлык болуп турса да, Ленин райондук соту 16 жаштагы баланы бир айга түзөтүү колониясына камап жатат. Бул иште сот тескерисинче баланы сот залынан бошотууга тийиш болчу".

Назгүл Турдубекова бул факт боюнча кылмыш ишин козгоодо да бала бул ишке коргонуу максатында аргасыз барганын белгиледи.

"Бул иште да өспүрүм бала мас кишиден энесин, өзүн, кичинекей бир туугандарын коргош үчүн аргасыздан бычак урганы айтылып жатат. Демек, тергөөчү кылмыш ишин козгоодо жана баланын бөгөт чарасын кароодо ушуну эске алып, үй камагына алышы керек эле".

Назгүл Турдубекова учурда тергөө абактарында жана түрмөлөрдө отурган аялдар менен өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн кылмышка аргасыз өзүн же жакындарын коргоо максатында баргандар түзөрүн белгиледи.

Кылмышка шек саналып, учурда жашы жете электер үчүн тергөө абагында отурган баланын жакындары иштин кызыкчылыгы үчүн журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Чүйдүн Вознесеновка аймагындагы тергөө абагы - жашы жете элек шектүүлөр үчүн. Ал жакта кылмышка шектүү аялдар да кармалат.

2022-жылдын январына карата тергөө абактарында 113 аял, жашы жете элек 41 өспүрүм түрдүү кылмышка шек саналып тергөө абагында отурат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG