Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Дарыгер Мусаев Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу маалымат берди


Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.
Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жана ага коюлган анализ тууралуу маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, маркум 9-июнда саат 11лерге жакын “Тез жардам” менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Ага "геморрагиялык инсульт" деген диагноз коюлуп жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

“Дароо консилиум болуп дарыгерлер абалын карап чыкты. Кан басымы төмөн болгондуктан, кечке жуук дофамин дарысы сайылган. Ага да карабай кан басымы дагы деле ылдый болду. Бүгүн да консилиум болуп дарыгерлер ден соолугун караганбыз. Тилекке каршы, болгон аракетибизди көргөнүбүзгө карабай, саат 13:22де каза болду. Диагноз геморрагиялык инсульт, комага түшүп калган. Кечээ кечинде дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кетип, антибиотик да сайганбыз”, - деди дарыгер “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Ал 10-июнда өзүнө келбей каза болду.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG