Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Сот Жээнбекованын 18 жыл мурда алган жерин териштирет


Мира Жээнбекова.
Мира Жээнбекова.

Мурдагы судья Мира Жээнбекованын 18 жыл мурда Бишкектен сатып алган 4 сотых жери боюнча ишти кароодо эскирүү мөөнөтү алынды. Эми ал жердин алынышынын мыйзамдуулугу сотто каралат.

18 жыл мурда алынган жердин таржымалы

Прокуратуранын өтүнүчү менен Бишкектин административдик соту 8-июнда мурдагы судья Мира Жээнбекова 18 жыл мурда борбор калаадан сатып алган 4 сотых жери боюнча ишти кароодо "эскирүү мөөнөтү алынсын" деген чечим чыгарды. Чечимди судья Акылбек Досалиев окуду.

“Бишкек шаардык прокуратурасынын "эскирүү мөөнөтүн жокко чыгаруу" жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын. 2004-жылы 28-июлдагы Бишкек мэриясынын жер боюнча токтомун жокко чыгаруу үчүн административдик сотко берүү укугу калыбына келтирилсин”.


Башкача айтканда мурдагы судья Жээнбекованын 18 жыл мурда алган жери кайра мэрияга өтүшү мүмкүн.

Жээнбекованын айтымында, 2004-жылдары шаардын Чыгыш 5 районунан 4 сотыхка чукул жерди мэриянын аукционунан сатып алган. Жээнбекова колунда бардык тастыктоочу документтери бар экенин билдирди.

Жээнбекова жердин мыйзамдуу ээси экенин айтып жатат.
Жээнбекова жердин мыйзамдуу ээси экенин айтып жатат.

“Жолдошум кесиби боюнча дарыгер, стоматолог. 2004-жылы медициналык борбор куралы деп Чыгыш 5 аймагынан жер сатып алганбыз. Былтыр УКМК иш козгогондо дүмүрчөктөрү архивде жок деп, мен бекер алгандай прокуратурага кайрылыптыр. Прокуратура “мэриянын токтомун жокко чыгаргыла, Жээнбекова акчасын бербей эле сатып алган” деген доо арыз менен административдик сотко кайрылып жатат. Мындай иштердин мөөнөтү болот. Прокуратура жерди алгандан кийин үч ай ичинде кайрылышы керек болчу. 2019-жылдагы Бишкек шаардык прокуратурасынын токтому турат. Үй салына баштаганда эле мыйзамдуулугу текшерилген. Ага карабай административдик сот доо арыз берүү мөөнөтүн кайтарып берип койду”, - деди Жээнбекова.

Саясатпы?

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова кайсы бир иштин эскерүү мөөнөтүн алып салуу тажрыйбасынын мыйзамдык жагына токтолду.

“Мөөнөтүн калыбына келтирүү деген бар. Бирок анын убактысы жана жүйөлүү себептери болушу керек. 10-20 жылдан кийин мөөнөтүн калыбына келтирүү деген иштей берсе, анда соттун эмне кереги бар? Мисалы, сен соттун чечимине ишенип жүрсөң, 30 жылдан кийин бирөө доо арыз менен кайрылат. Анан сот доо арыз менен кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирип койсо кандай болот? Укуктук теорияда бул соттук актылардын туруктуулугун бузуу деп аталат”, - деди Сооронкулова.

4 сотых жер боюнча чыр жарандык иштин негизинде каралды. Жээнбекованын пикиринде буга байланыштуу “коррупция” беренеси менен жаңы кылмыш иши козголушу мүмкүн. Мурдагы судьянын “мыйзамсыз баюу” иши сотко өтө элек.

"Мыйзамсыз баюуга байланыштуу иш сотко өтө элек. Эч кандай далил жок. Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен муну саясат деп эсептейм".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2021-жылдын апрель айында Жээнбекова “мыйзамсыз баюу” беренесине шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу мүлк жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган.

Атайын кызмат аны "74 кымбат баалуу батирдин, 19 соода жана 10 автоунаа токтотуучу жайынын, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелеринин ээси" деп сүрөттөрүн жарыялаган.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

2016-жылдан бери Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп иштеген Мира Жээнбекова былтыр кызматтан алынган. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин толук четке кагып, аны агасы Равшан Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырат.

"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмесинин мүчөсү Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда.

Саясатчыга таандык Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен козголгон иштин негизинде төрт айдан бери камакта жатат. Ал эми Жээнбековдун жардамчысы "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталып, иши сотто каралууда.

Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнө жана жакындарына мыйзамсыз басым болуп жатканын айтып келет.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Жакындарымдын баарында иш бар. Карындашымдын кылмыш иши бар эле, эми дагы бир жарандык иш менен кыйнап жатышат. Телеканалдын иши жылбай турат. Айсулуу Кудайбердиеваны "мыйзамсыз чек арадан өткөнсүң" деп соттоп жатышат. Бардык иштер далилсиз. Жөн эле кыйнамай”, - деди Жээнбеков.

Анткен менен азыркы бийликтин тарапташтарынын бири, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев өлкөдө тандалма кылмыш ишин козгоо жүрүп жатат дегенге кошулбайт. Анын пикиринде мыйзам бузгандар сөзсүз жооп бериши керек.

“Бул жерде өзүнчө бөлүп камап, кылмыш иши козголгон жок. Көрүп жатасыңар бир кезде президентти жандап жүргөн Мелис Аспеков камакта. Жакында эле министр камалды. Бул жерде оппозиция же позиция деп бөлүнгөн жок. Баарына бирдей мамиле болууда”, - деди Жетимишбаев.

Ал эми парламенттин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын пикиринде өлкөнүн 30 жылдык тарыхында ар бир жаңы келген бийлик сын айткандарды куугунтуктоонун кесепети эмнеге алып келеринен сабак албайт.

“Атамбаев бийликте турганда Садыр Жапаров “Коркок бийлик гана оппозицияны кысып, куугунтуктайт” деп айткан. Азыр эми бийлик эл көтөрүлүп кетпесин деп оппозицияга басым кылып жатабы? Бийлик корксо, анда ишти эптей албайт”, - деди Нарматова.

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Би-Би-Си радиосуна курган маегинде мамлекетте сөз эркиндиги болушу керектигин, бирок сын айткандар чектен чыкпашы керек экенин эскертти.

“Мени сындап, тилдеп жаткандарды жаман көрбөйм. Сотко да бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың”, - деген Жапаров.

Учурда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков 2020-жылы президенттик шайлоого ат салышып, учурдагы президент Садыр Жапаровго оппонент болгон.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбеков камакта жатып Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан ат салышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан.

Жээнбековдун карьерасы 90-жылдардын акырында, туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда башталып, 30 жашында Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин башкарган. 2005-жылы февралда бийлик колдогон талапкер уткан шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, толук оппозицияга өтүп, жоогазын ыңкылабына активдүү катышкан.

2005-жылы бийликке Курманбек Бакиев келгенден кийин эки жыл Малайзияда элчи болуп иштеген. Кийин оппозицияга өтүп АКШга чыгып кеткен. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG