Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

"Кой-Таш иши": 14 кишиге айыбы угузулду


Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 2019-жыл, 8-август.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 2019-жыл, 8-август.

30-май күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү менен сот аткаруучулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке каттоо үчүн барды. Мекемеден билдиришкендей, Атамбаевдин үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатат. Ушул эле күнү Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын угузуу аягына чыкты.

Атамбаевдин үйүн мамлекетке өткөрүүдөгү талаш

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов имаратты бошотуу үчүн А.Атамбаевдин жакындарына үч күн убакыт берилерин айткан. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочулары менен талашып-тартышкан тасма интернетке тарады.

Канат Рыскулов
Канат Рыскулов

"Бул жер турак жай эмес, ден-соолукту чыңдоо борбору болуп эсептелет. Биз өзүбүздүн менчигибизге келип, өз ишибизди аткардык. Конкреттүү материалдар же фактылар боюнча тааныштыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна же сот аткаруучуларга келсеңиздер, сиздерди канааттандырбаган маселелерди сүйлөшөбүз. Экинчиден, биздин опись боюнча имараттын ичинде сиздердин же убактылуу жашап жаткан кароолдордун буюмдары бар экенин байкадык. Биз сиздерди 3 күндүн ичинде имараттагы буюм-тайымдарды чыгарып, бүт бойдон бошотуп коюуну сурайбыз. Үч күндөн кийин мажбурлоо жолу менен чыгараарыбызды эскертип койгум келет",-дейт Рыскулов.

Атамбаевдин жактоочулары мекеменин өкүлдөрүнүн бул аракеттерин мыйзамсыз деп, имаратты конфискациялоо боюнча соттун чечими жок экенин айтууда.

14 кишиге айыбы угузулду

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2022-жыл, 30-май.
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2022-жыл, 30-май.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда айыптоо актысын угузуу аягына чыкты. Бул иштин алкагында жалпы 14 киши айыпталууда. Аларга коюлган айыптардын саны сегизден он бешке чейин.

"Кой-Таш иши" боюнча айыпталып жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгына байланыштуу отурумга катышкан жок. Учурда ал Улуттук кардиология борборунда дарылануудан өтүп жатат.

Мындан ары коюлган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр жүрөт. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров соттук териштирүүлөрдү белгисиз мөөнөткө жылдырды.

"Бүгүнкү соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан бардык айыпталуучуларга айыптоо актылары угузулду. Андан соң кызыкдар тараптан өтүнүчтөр келтирилди. Алардын арасында мүлктөрдү камактан чыгаруу жана Ирина Карамушкинанын уюлдук телефонун кайтарып берүү жөнүндө өтүнүчтөр болду. Соттук отурумдун катышуучуларын угуп, судья тарабынан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 124-беренесинин негизинде аталган өтүнүчтөрдү кароо 31-май саат 11:00го дайындалды. Ал эми аталган иш боюнча соттук териштирүү белгисиз убакытка жылдырылды", - деп билдирди райондук соттун өкүлү Айзада Момунова.

Жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулар коюлган айыпты мойнуна албай жатканын, буга тергөөдөгү одоно кемчиликтер себеп экенин билдирди.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

"Он төрт кишиге карата айыптоо актысы угузулду. Бирөө дагы күнөөсүн мойнуна алган жок. Себеби бул саясий өңүттөгү иш. Бул Сооронбай Жээнбеков бийликте турган учурда токулган айыптар боюнча сотко өткөн иш болчу. Негизи бул иш сотко өтпөшү керек эле. Анткени бул адамдардын күнөөсү жок экенин билип туруп айып коюшту. Мисалы, Алмазбек Атамбаевди "Альфа" кызматкерин атып өлтүргөн" деген айып угузулган. Иштин материалын карасак, ал жерде "Альфанын" ондон ашык кызматкерлери өздөрү "Атамбаев эмес, башка, жарандык форма кийип алган адам биринчи кабатта, өзүбүздүн Калашников автоматынан атып өлтүрдү" деп айтып жатат".

"Кой-Таш окуясы" аталган бул иштин алкагында айыпталып жаткандардын айрымдары операция учурунда тутанган башаламандыкты токтотуу, тараптарды тынчтыкка чакыруу аракетин көрүшкөнүн, бирок тергөө органдары бул аргументтерди көңүлгө илбей жатышканын билдирип келишет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы үйүнө бекинип алып, ИИМдин сурагына барбай, каршылык көрсөткөндөн кийин кармалып, камакка алынган. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу суракка чакырылган эле. Атамбаевди кармоо операциясында башаламандык болуп, бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG