Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Аквапарктагы кырсыкка байланыштуу мектептин тогуз кызматкери жумуштан алынды


Бишкек мэриясынын жана шаардык кеңештин имараты.
Бишкек мэриясынын жана шаардык кеңештин имараты.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында сууга чөгүп каза болгон баланын окуясынан кийин шаардагы №95 мектептин башталгыч классынын жети мугалими, билим берүү мекемесинин тарбия жана башталгыч классынын завучу кызматтан алынды.

Дагы эки мугалим ден соолугуна байланыштуу эс алууда болгондуктан, аларга карата чечим кабыл алына элек. Кызматтан алынган жана жумушка чыга элек мугалимдер окуучуларды аквапаркка алып барган класс жетекчилер.

Бул тууралуу 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.

№95 мектептин директору Айгүл Шимова башталгыч кыласстын мугалимдери 6-июнда окуучуларды эс алдыруу үчүн “Ала-Тоо” аквапаркына алып кеткенин, бул тууралуу анын кабары болбогонун айтып жатат. Комиссиянын жыйынында депутат Жаныбек Асанбеков “балдарды тобу менен алып кетип жатканын директор билбей калышы мүмкүн эмес” деп, мектептин жетекчисинин да жоопкерчилигин кароону көтөрдү.

Бишкек шаарынын мэриясында аквапарктагы окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия Айгүл Шимованы кызматтан алууну сунуштаганы белгилүү болду.

6-июнда “Ала-Тоо” аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

“Ала-Тоо” аквапаркына 13 класстын 232 окуучусу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганы айтылган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG