Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Тергөө абагынан ооруканага которулган Марат Казакпаев каза болду


Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.
Марат Казакпаев. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги №1 шаардык ооруканада жаткан саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ооруканадан кабарлашты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын айтышкан.

Ал былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Марат Казакпаев жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалган. Кылмыш иши Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен козголгон.

Мунун алдында Казакпаев www.aryba.kg сайтына “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Айрым талдоочулар анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган. Тергөөнүн материалдары жашыруун болгондуктан сот жабык өтүп жаткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG