Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Марат Казакпаев 14-июнга чейин тергөө абагында болот


Марат Казакпаев.
Марат Казакпаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен кармалган серепчи Марат Казакпаев жана анын шеригинин бөгөт чарасын карады. Соттун басма сөз кызматы кылмышка шектүүлөрдү эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарылганын ырастады.

Атайын кызмат Казакпаев менен М.Т аттуу жаранды 13-апрелде кармаган жана экинчи адамдын чоо-жайы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек. Кылмыш ишинин жагдайы дагы белгисиз.

Өткөн аптада “Азия Ньюс” гезити менен бул басылмага таандык aryba.kg сайты Казакпаевдин “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген темада маектерин жарыялаган. Анда серепчи азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG