Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Украина тарапта согушкан чет элдик үч жаран Донецкиде өлүм жазасына тартылды


Эйден Аслин, Шон Пиннер жана Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.
Эйден Аслин, Шон Пиннер жана Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.

Украинанын Донецк облусунун аймагында өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”-“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн соту украин тарапта согушуп жаткан үч жаранды өлүм жазасына тартты. Алар жалданмачылыкка жана бийликти куралдуу басып алууга айыптуу деп табылды.

Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслин, марокколук Саадун Брагим атылышы керек. Аларда сот өкүмүн даттанууга бир айлык мөөнөт бар. Донецкидеги сот эки күнгө созулду.

Пиннер менен Аслин Мариуполдогу, Брагим Волновахадагы кармаштарда туткундалган. Үч жаран тең Украинага Орусия басып киргенге чейин кирген жана бир нече жыл бою украин куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген.

Мурдараак орусиялык мамлекеттик "Россия 1" телеканалы Шон Пиннер менен Эйден Аслиндин өз күнөөсүн мойнуна алган видеосун жарыялаган. Алар анда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго кайрылып, өздөрүн Киевде камалган орусиячыл саясатчы Виктор Медведчукка алмаштырууга аралашуусун өтүнүшкөн.

48 жаштагы Пиннер менен 28 жаштагы Эслин бул видеого кандай шартта тартылганы белгисиз. Чет элдиктердин жакындары алар интервьюсун басым менен бергенин билдиришкен. Алар ошондой эле Пиннер менен Эслин Украинанын куралдуу күчтөрүндө расмий кызмат кылышканын, жалданмачы катары кабылданбашы керектигин да айтып чыгышкан.

Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү Роберт Женрик чет элдик аскерлердин үстүнөн чыккан сот өкүмүн “эл аралык мыйзамдарды одоно түрдө бузуу катары” баалады. Анын айтымында, аскердик туткундар жакын арада алмаштырылмак, “бирок орус бийлиги башкаларга көрсөтүү үчүн аларды өлтүргөнү жатат”.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG