Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Жогорку соттун судьялары сөз байлыгын байытууну окуп жатышат


Жогорку соттун судьялары тренингге катышууда.
Жогорку соттун судьялары тренингге катышууда.

Жогорку соттун судьялары эл алдында сүйлөөдө коркуу сезимин башкаруу, сөз байлыгын байытуу, уккулуктуу үндү калыптандыруу ыкмаларын үйрөнүп жатышат.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирип, бул боюнча эки күндүк тренинг башталганын кабарлады. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков соттор өз оюн жатык тил менен түшүндүрө албай жатканын айтты.

“Соттордун көбү, юристтер, мамлекеттик айыптоочулар жеткиликтүү, түшүнүктүү, ынанымдуу сүйлөгөндү билишпейт. Мындай учурлар айрыкча соттордун ишмердигинде байкалат. Сот залында начар айтылган, түшүнүксүз сөздөр судьянын кесипкөйлүгүнүн деңгээлине, дегеле бийликтин сот бутагынын имиджине терс таасирин тийгизет”, - деди Базарбеков.

Ал сөзгө чечен, оюн сот отурумунун катышуучуларына жеткире алган иш билги судьялар сотторго болгон ишенимди арттырарын кошумчалады.

Европа Биримдигинин “Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү 2-фаза” программасынын алкагында уюштурулуп жаткан тренингге Жогорку соттун бардык судьялары катышууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG