Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Садыр Жапаров этносторду бириктирген жалпы идеология керек экенин айтты


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Июнь окуясындай кагылыштарды мындан ары болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология керек экенин 10-июнда калабанын 12 жылдыгына карата кайрылуусунда президент Садыр Жапаров айтты. Ал жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керектигин да белгиледи.

Кайрылуусунда мамлекет башчысы Ош менен Жалал-Абад шаарларында “тышкы күчтөр, ички сепаратисттер, Кыргызстандын келечегине көрө албастык кылган душмандар бөлүп-жарууга аракет кылышкан” деген пикирин айтты.

“Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет”, - деди Жапаров.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) июнь каргашасы тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG