Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти


Кырсыкка кабылган Volvo автоунаасы.
Кырсыкка кабылган Volvo автоунаасы.

10-июнда таңга жуук Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Ананьево – Каракол автожолунда Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагылышып, төрт киши мүрт кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, алардын үчөө эркек бирөө аял. Министрликтин кызматкерлери автоунаалардан сөөктөрдү алып чыгып Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы 2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жаракат алганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG